Жаңылыктар

Компаньон Банкы Микрокаржылоо борборунун Innovation Award аттуу эл аралык сыйлыгынын ээси

27 2 2018

Компаньон Банкы көптөгөн талапкерлер арасында биринчи болуп, МКБнун Innovation Award сыйлыгын утуп алды.

Сыйлык 27-февраль күнү, расмий демөөрчү «Software Group» компаниясынын өкүлү Теодора Карастанова тарабынан Компаньон Банкынын Башкармалыгынын Төрагасы Эркинбек Жумабаевге тапшырылды. Жолугушууда ошондой эле Компаньондун долбоорун ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдары талкууга алынды. Долбоордун негизги концепциясы – бул насыя алууда жана берүүдө кардарлардын жана банктын чыгымдарын кыскартуу, жана гаджеттерди жана геомаалыматтык системаларын колдонуу менен маалыматты топтоо, сактоо жана талдоо ыкмаларын оптималдаштыруу.

«Сапаттуу банктык кызматтарды көрсөтүү менен бирдикте, Компаньон штатында 30 агроном жана мал доктуру болгон Кыргызстанда бирден бир банк болуп эсептелет. Алар биздин кардарларга агробизнес боюнча акысыз түрдө консультация беришет. Фермерлер өз учурунда алган билимдерди практика жүзүндө колдонуп, түшүмдөрүн жана малдарынын санын көбөйтүп, кирешелерин жогорулатып жатышат. Биздин долбоор аркылуу каржы казматтары алыскы региондордогу айыл тургундары үчүн жеткиликтүү болуп калды. Ал эми долбоорубуздун эл аралык коомчулук тарабынан жогору бааланышы бизди кубандырбай койбойт», деп белгиледи Эркинбек Жумабаев.

2018-жылдын октябрь айында, Микрокаржылоо борборунун эл аралык конференциясында расмий сыйлык тапшыруу аземи өтмөкчү.

 

Бардык жаңылыктар