Жаңылыктар

Бишкекте каржылык сабаттуулук боюнча квест-оюну болуп өттү

19 3 2018

17-мартта Бишкек шаарында GlobalMoneyWeek 2018 (Дүйнөлүк акча жумалыгынын) алкагында болуп өткөн каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча квест-оюнунун демөөрчүлөрүнүн бири Компаньон Банкы болду.

Оюнга 12-16 жаштагы 40 мектеп окуучусу катышты. Катышуучулар бир нече билим берүү бекеттерин өтүп, кызыктуу каржылык тапшырмаларды аткарышы керек болгон. Ар бир туура жооп үчүн окуучулар «билим» деп аталган оюн акчаларын алышкан. Алар, «билимдерди» акыркы тооруктарда реалдуу байгелерге алмаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан: депозит ачуу күбөлүктөрү, каржылык оюндар, китеп дүкөндөрүнө белек күбөлүктөрү.

Компаньон Банкында 5000, 4000 жана 3000 сомдук депозиттерди ачуу күбөлүктөрүнө төмөндөгү окуучулар ээ боло алышты:

• Жунусова Бегимай (Бишкек шаарындагы №38 орто мектебинин окуучусу);

• Талантбекова Жыпара (Бишкек шаарындагы №1 гимназия-мектебинини окуучусу);

• Жумабеков Эльгиз (Кара-Балта шаарындагы №6 орто мектебинин окуучусу).

Квест-оюну тууралуу, өз пикири менен жеңүүчүлөрдүн бири Жумабеков Эльгиз бөлүштү: "Өткөн жылы, мен оюнга жазылганга үлгүрбөй калып, абдан капа болгом. Бул жылы болсо, оюндун жарнамаларын көрүп, дароо эле билдирме толтурдум. Акчаны үнөмдөөнүн маанилүүлүгү тууралуу лекция мага абдан жакты. Ошондой эле, сунушталган тапшырмаларды аткарган да абдан кызыктуу болду. Мындан тышкары, мен башка мектептерден келген окуучулар менен тааныштым. Албетте, Компаньон Банкында «Келечектеги миллионер» аттуу 3000 сомдук депозитти жеңип алганым мен үчүн күтүлбөгөн сыйлык болуп калды. Ушундай мүмкүнчүлүк үчүн уюштуруучуларга чоң рахмат! Алган маалыматтын мындан ары да кереги тийет, деп ишенем. Менин оюм боюнча, биздин заманда, билими күчтүү гана ийгиликке жетише алат! Киреше менен чыгашаларды пландаштыруу канчалык маанилүү экенин билем. Эки жыл мурун, мен көптөн бери каалап жүргөн велосипедди акча чогултуп, сатып алдым эле!"

Эсиңиздерге сала кетсек, квест-оюнунун уюштуруучулары «Сенти» каржы ишканасы (тапшырма, контент, машыктыруу) жана ӨСИ Өнүктүрү саясат институту (оюндун форматы жана электрондук оюн банкы) болушкан.

Өнөктөштөр: Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жетекчилиги астында GlobalMoneyWeek 2018 өткөрүү боюнча демилгелүү топ.

Демөөрчүлөр: «Банк Компаньон» ЖАК,«Халык Банк – Кыргызстан».

Бардык жаңылыктар