Жаңылыктар

Компаньон Банкы «Тоо токой» эко-форумун колдоду

17 4 2018

2018-жылдын 14-апрелинде, Бишкек калаасында, Компаньон Банкынын колдоосу менен, «Тоо токой» деп аталган эко-форум өттү. Анын алкагында, экология тармагынын эң мыкты жергиликтүү жана эл аралык адистери чогулду. Форумдун идеясы, «Жаны доорго – кырк кадам» өкмөттүк программасынын 40-бөлүмүнүн аталышынан келип чыккан. Ал бөлүмдүн максаты – Кыргызстандын жаратылыш экологиялык системаларын калыбына келтирүү. Компаньон, форумдун демилгесин толугу менен бөлүшөт, жана ошондой эле экологиялык жашоо-жолун жайылтууну, айыл чарбанын органикалык принциптерин жана "жашыл" технологиялардын экономикалык жана коомдук пайдаларын калкка маалымдоону колдойт.

Талкуу учурунда, катышуучулар төмөндөгү көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү: бак-дарактарды мыйзамсыз кыюунун, малдын жайыттарды жок кылышынын, айыл чарбаны пестицид жана башка химиялык заттарды пайдалануу менен алып баруунун табиятка болгон зыяны. Бул көйгөйлөр, климаттын глобалдык өзгөрүү шарттарында, мөнгүлөрдүн эриши, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышы, абанын сапатынын начарлашы, жер көчкү жана селдердин пайда болушу сыяктуу абдан оор экологиялык кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Форумдун алкагында, Компаньон Банкы коомчулуктун көңүлүн жаратылыш ресурстарын (жайыттарды, токойлорду, сууну ж.б.) сактоо жана туура пайдалануу маселесине бура билди жана коомду өркүндөтүүнүн этно-экологиялык ыкмалары тууралуу өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү. 13 жылдын ичинде, Банк өлкөбүздүн 1017 айылындагы 44000 дыйкан чарба үчүн 17700 ашуун тренинг уюштурган.

Компаньон, Кыргызстан боюнча, жамаатында 32 жогорку квалификациядагы агроном жана ветеринар иш алып барган бирден бир банк болуп саналат. Болжолу менен 12600 активдүү кардар агробизнести өнүктүрүү маселеси боюнча акысыз консультация ала билди. Алган билимдерин жана банк тарабынан иштелип чыккан багбанчылык, энергия үнөмдөө, мал чарба жана жайыт маселелерине тиешелүү чечимдерди колдонуп, фермерлер түшүмдүн сапатын жакшыртып, малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып жана өздөрүнүн кирешелерин көбөйтүп жатышат.

Форум, «Мурас кыймылы» коомдук бирикмеси, «Экоферма» (ТМ Ecomade) дыйкан чарбасы жана «TAGS» коммуникация бюросу тарабынан уюштурулду.

Бардык жаңылыктар