Жаңылыктар

Компаньон Банкы жана Ландесбанк Баден-Вюртемберг (LBBW) өнөктөш банк болушту

18 4 2018

Урматтуу Банктын кардарлары жана өнөктөштөрү!

2018-жылдын 5-апрелинде, Банк, Германиянын эң ири банктарынын бири Ландесбанк Баден-Вюртемберг менен түздөн-түз корреспонденттик катнаш түзүп, анда евро жана АКШ долларлык эсептерди ачканын кубаныч менен кабарлайбыз.

Мындай эсептердин ачылышы Компаньон Банкынын кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирдикте, кардарларды тейлөө сапатын эл аралык деңгээлге көтөрөт. SWIFT системасы аркылуу акча которуулар, төлөмдөрдү тез ишке ашырууга жана Кыргызстан менен Германия ортосундагы өз ара эсептешүүлөрдү дагы да болсо ыңгайлуу жана пайдалуу кылууга түрткү болот.

Landesbank Baden-Württemberg (LBBWБаден-Вюртемберг жеринин федералдык банкы, Штутгарт шаары) – эл аралык немис универсалдуу коммерциялык банкы. Германиянын 10 эң ири банктарынын, европанын топ-50 жана дүйнөнүн топ-100 банктарынын ичине кирет.

LBBWдин Германияда 200 ашуун бөлүмдөрү жана Нью-Йоркто, Лондондо, Москвада, Сингапурда, Сеулда, Делиде, Мехикодо жана Пекинде эл аралык кеңселери жана өкүлчүлүктөрү бар. Банктын корреспонденттик тармагы дүйнө жүзү боюнча 2800 ашуун банктан турат.

LBBW Германиянын эң ири мамлекеттик кредитору болуп эсептелет. Банктын жалпы активдеринин көлөмү 274 млрд. евро.

 

Бардык жаңылыктар