Жаңылыктар

Компаньон Банкы Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлерин Жеңиш Күнү менен куттуктады

11 5 2018

Компаньон Банкынын жамааты, 2018-жылдын 8-майынан тартып 11-майына чейин, Кыргызстандын бардык аймактарында жашаган Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлерин куттуктады. Банк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери аларга азык-түлүктөрдөн турган белектерин тапшырып, Согуш учурунда болгон окуялар жөнүндө маек курушту. Маек учурунда алар Жеңиш үчүн өз өмүрүн жана ден соолугун курман кылган жоокерлерди эскеришти. Ардагерлер өздөрүнүн эскерүүлөрү менен бөлүшүп, Согуштан кийинки сүрөттөрүн жана медал менен сыйлыктарын көрсөтүштү.

Компаньон Банкынын жамааты баардыгыңыздарды Жеңиш Күнү менен куттуктайт!

Согуштун баатырларына ачык асман үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Кыргызстандын бардык тургундарына тынчтык жана ийгилик каалайбыз!

Бардык жаңылыктар