Компаньон Банкы «Туруктуу киреше» жана «Пенсиялык» мөөнөттүү аманаттары боюнча чендерди көбөйттү.
Жеке жактар, каражаттарын «Туруктуу киреше» аманатына салып, жылына сом менен 12.3% чейин жана АКШ доллары менен 4% чейин кепилденген кошумча киреше ала алышат. Аманаттын минималдык көлөмү 1000 сом же 100 АКШ доллары болууга тийиш. Пайыздар ай сайын төлөнөт.
Юридикалык жактар жылына сом менен 11.5% чейин жана АКШ доллары менен 3.5% чейин максималдуу киреше ала алышат. Аманаттын минималдык көлөмү 50 000 сом же 1000 АКШ доллары болууга тийиш. Пайыздар ай сайын төлөнөт.
«Пенсиялык» аманаттардын чендерин сом менен 12.5% чейин көбөйтүүнүн натыйжасында, пенсия жашына жеткен кардарлар өздөрүнүн каражаттарын жалгыз эле сактап калбастан, көбөйтө да алышат.
Андан тышкары, интернет-банкинг кызматы аркылуу, аманат эсептерин алыстан башкаруу дагы да ыңгайлуу болуп калды.
«Туруктуу киреше» же «Пенсиялык» аманат эсептерин Банктын бардык бөлүмдөрүндө ачууга мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн контакт-борборунун телефондору: (312) 33-88-00, 88 00 (уюлдук чалуулар акысыз).
Эскерте кетсек, Аманаттарды коргоо агенттигинин мүчөөсү болгон Компаньон Банкы аманаттардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коргоо алдына алынышына кепилдик берет.