Жаңылыктар

Компаньон Банкы бүтүндөй өлкө боюнча Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө жумалыгын өткөрдү

31 10 2018
Компаньон Банкы бүтүндөй өлкө боюнча Бүткүл дүйнөлүк үнөмдөө жумалыгын өткөрдү

Компаньон Банкы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Германиянын  Сактык кассаларынын фонду  тарабынан демилгеленген Бүткүл дүйнөлүк  үнөмдөө жумалыгын өткөрүүгө активдүү катышты.

Долбоордун алкагында 2018-жылдын октябрында банктын кызматкерлери өлкөнүн алыскы региондорунда финансылык сабаттуулук боюнча 44 тренинг өткөрүшүп, ага 642 мектеп окуучусу жана 232 ата-эне катышты.  Тренингдердин жүрүшүндө жеке финансылык планды түзүү, үй-бүлө бюджетин башкаруу жана аны сарамжалдык менен керектөө боюнча консультациялар өткөрүлдү.

Ачык эшиктер күндөрү бүтүндөй Кыргызстан боюнча банктын 35 офисинде өткөрүлүп, ага 1000ден ашуун адам катышты. Келгендер үчүн банкта экскурсиялар уюштурулуп, анда алар финансы мекемесинин иши менен таанышып, Кыргызстандын улуттук валютасынын тарыхы тууралуу жана жалпы жонунан банк системасынын өнүгүшү жөнүндө билишти. Жаш меймандар викториналарга, мастер-класстарга катышып, Компаньон Банкынан жана Германиянын  Сактык кассаларынын фондунан белектерди алышты.   

28-октябрда «Дордой Плаза – 2» соода борборунда Финансы жарманкеси болуп өттү. Компаньон Банкынын кызматкерлери жарманкеге келгендер үчүн тренинг өткөрүшүп, анда өздүк каражаттарын кантип топтоо, сактоо жана көбөйтүү, ошондой эле финансы аспаптарын кантип орундуу пайдалануу тууралуу  айтып беришти.

Ар жыл сайын 31-октябрда Бүткүл дүйнөлүк  үнөмдөө жумалыгы белгиленет, ал 1924-жылы Сактык банктарынын эл аралык биринчи конгрессин өткөрүүнүн учурунда демилгеленген.

Бардык жаңылыктар