Жаңылыктар

«ОПОҢОЙ!» акциясынын 2 этабынын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси

4 12 2018

Урматтуу кардарлар!

«ОПОҢОЙ!» акциясынын экинчи этабынын жыйнтыктарынын чыгышын маалымдайбыз!

Компаньон Банкы чын жүрөктөн жеңүүчүлөрдү куттуктайт жана биздин акча которуу кызматын колдонгонуңуздар үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Байгелерди тапшыруу аземи 13-декабрда Компаньон Банкынын кеңселеринде өтөт,  жеңүүчүлөргө атайын чакыруу жөнөтүлөт.

Бүгүн акциянын экинчи этабынын жыйынтыгы чыкты. Бүткүл Кыргызстан боюнча Компаньон Банкынан 30 жеңүүчү баалуу байгелерге ээ болду. Эскерте кетсек, Акция үч этаптан турат. 1-августтан 31-декабрга чейин өтүүчү үчүнчү – акыркы этаптын катышуучуларын эки баш байге күтөт – Туркияга эки адамга жолдомо жана жаңы iPhone X! Акциянын шарттары менен кененирээк сиз бул жерден тааныша аласыз.

«ОПОҢОЙ!» акциясына катышып, Компаньон Банкы менен биргеликте байгелерди утуп алыңыз!

Бардык жаңылыктар