Жаңылыктар

Компаньон социалдык аярлуу жаштар үчүн билим долбоорун колдоду

3 9 2015

2015-жылдын 2-сентябрында Бишкекте жетим балдар үчүн компьютердик класстын ачылышы өттү. Бул демилге “Жетим балдардын укуктарын коргоо”коомдук фондунун тарабынан ишке ашырылып, социалдык аярлуу жаштардын компьютердик сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Балдар үйлөрдүн жана интернаттардын тарбиялануучулары жана бүтүрүүчүлөрү компьютердик сабаттуулукка акысыз ээ болушат.  

Компаньон бул долбоорду керектүү жабдуулар менен камсыз кылып колдоду. Уюмдун өкүлдөрү Бишкек жана Чүй облусундагы интернаттардын тарбиялануучулары жана бүтүрүүчүлөрү окуй турган компьютердик класстын салтанаттуу ачылышына катышышты. 

«Коомубуздун бул социалдык катмары үзгүлтүксүз кароого жана колдоого муктаж. Айрыкча бул балдар үйлөрдүн окуучуларынын жана бүтүрүүчүлөрүнүн билим алуу жана жумушка орношууларына байланыштуу. Компьютердик сабаттуулукка ээ болуу – балдарга заманбап коомдун талаптарына даяр болуп, жумуж табууга мүмкүнчүлүктөрүн көбөйтөт», – деп маалымдады “Жетим балдардын укуктарын коргоо”коомдук фондунун мүдүрү Игорь Беляев.

Корпоративдик социалдык жоопкерчиликти сактап, Компаньон Кыргызстандын калкы үчүн билим долбоорлоруна колдоо көрсөтүүнү улантат. 

 

Бардык жаңылыктар