Жаңылыктар

Караколдо «Жаз жарманкеси 2019» айыл чарба жарманкеси болот

25 2 2019
Караколдо «Жаз жарманкеси 2019» айыл чарба жарманкеси болот

Жазгы талаа иштери алдында, 2019-жылдын 16-мартында, Каракол шаарында айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт, ага Ысык-Көл областынын малчылары жана багбандары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенишкен ишкерлер, ошондой эле туризм чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышат. 

«Жаз жарманкеси 2019» «Компаньон Банкы» ЖАК тарабынан агропродукцияны сатуучулар менен сатып алуучулар ортосунда базар мамилелерди бекемдөө, ошондой эле региондо туристтик бизнести өнүктүрүү максатында уюштурулууда.

Жарманкенин катышуучулары өз продукцияларын сатып өткөрүүгө келишимдерди түзүп жана банктын агрономия жана ветеринария боюнча адистеринен акысыз негизде консультацияларды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жарманкенин программасында: асыл тукум малдардын, питомниктердин жана агродарыканалардын продукцияларынын көргөзмөсү, кайра иштетилген айыл чарба продукцияларын сунуштоо жана концерттик көңүл ачуу программасы.

Иш чара саат 10:00дөн 14:00гө чейин Компаньон Банкынын Орозов көч., 10 дарегиндеги имаратынын алдында өтмөкчү.

Жарманкеге катышуу боюнча кошумча маалымат төмөнкү телефондор аркылуу: +996 558 977 599 (Болот Токтосунов) жана +996 777 987 428 (Өмүрбек Чыныбаев).

ММКлардын аккредитациясы Банктын PR-кызматы аркылуу төмөнкү телефондор аркылуу жүргүзүлөт: 0312 33 88 00 (кир. 2157), +996 559 577 772,
e-mail: pr-team@kompanion.kg.

Бардык жаңылыктар