Урматуу кардарлар!
Contact акча которуулар системасы өнөктөшү Universal Payment Transfer (UPT) менен бирге «Золотой рог» акциясын ишке киргизди.
2019-жылдын аягына чейин Universal Payment Transfer точкаларында накталай төлөө менен Түркияга акча жөнөтүү үчүн комиссия төмөндөтүлдү жана которуунун суммасынан болгону 0,95%ды түзөт.
Которуунун валюталары: АКШ доллары жана евро.
Түркиянын территориясында төлөп берүүлөрдү 7 800 пунктта төмөнкү компаниялар ишке ашырышат:
- PTT – почта офистери;
- N Kolay – төлөм кызматтары кеңселердин тармагы (коммуналдык эсептерди төлөө, карталарды толуктоо, мобилдик телефондор, акча которуулар);
- UPT Subeler – UPT төлөм кызматтарынын бөлүмдөрү;
- UPT Temsilcileri – UPT төлөм кызматтарынын бөлүмдөрү (юр. жактар, ишкерлер-UPT өнөктөштөрү);
- Aktifbank –«Актифбанктын» офистери.
Сиздер бүтүндөй Кыргызстан боюнча Компаньон Банкынын кеңселеринде акча которуулар системасынан пайдалана аласыздар.