Жаңылыктар

Караколдогу Жазгы жарманке бүтүндөй Ысык-Көл областы боюнча 1000ден ашуун мейманды чогултту

19 3 2019

Күнөстүү Каракол шаарында 16-мартта «Жаз жарманкеси 2019» айыл чарба жарманкеси болуп өттү, ага Ысык-Көл областынын багбандары жана малчылары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү менен алектенген ишкерлери жана региондун турсттик компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

«Жаз жарманкеси 2019» агропродукция өндүрүүчүлөр менен сатып алуучулардын ортосунда рынок байланыштарын бекемдөө, ошондой эле региондо туристтик бизнести өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Жарманкеде Кыргызстандын жакынкы региондорунан 1000ден ашуун меймандар болушту, алар жаңы варенье, накта жемиш ширелерин, жыты аңкыган тоо балын, эт жана эттен жарым фабрикаттарды өндүрүүчүлөрдүн бааларында сатып алышты. Үй бодо малдарынын жана жандыктарынын, үй канаттууларынын, декоративдүү көгүчкөндөрдүн көргөзмөсү, ошондой эле мөмө берүүчү өсүмдүктөрдүн жана гүлдөрдүн көчөттөрүн жана үрөндөрүн сатуу да меймандардын чоң кызыгуусун жаратты.

Иш чаранын демилгечиси – Компаньон Банкы – жарманкенин катышуучулары үчүн тегерек стол уюштурду, анын алкагында ишкерлер тажрыйба жана контакттар менен алмашышты. Продукцияны стандартташтырууну жана сатып өткөрүү рынокторун талкуулашкандан кийин бардык ишкерлер регионалдык ассоциацияларда аракеттерди бириктирүү жана кооперация боюнча жалпы пикирге келишти.

Жарманкенин алкагында Банктын Окутуу жана жамааттарды өнүктүрүү бөлүмүнүн агрономия жана ветеринария боюнча дипломдуу адистер болушкан кызматкерлери меймандар үчүн акысыз консультацияларды жүргүзүштү. Көптөрдү мөмө бактарынын кандай сортторун сатып алуу, аларды кантип туура кыйыштыруу, үй малдары үчүн сарайларды кантип туура куруу жана малды кантип багуу кызыктырды.

Иш чараны уюштуруудагы жардамы үчүн ыраазычылык каттары жарманкенин 50 катышуучусуна тапшырылды.

Ысык-Көл областынын Ак-Суу районунун окуучулары арасындагы сүрөт боюнча конкурстун 18 жеңүүчүсү Компаньон банкында топтомо аманат ачууга сертификаттарды алышты.

«2019-жылдын сентябрында Компаньон Банкы Каракол шаарында XIV ар жылдык Алма фестивалын өткөрмөкчү. Биз бардык катышуучуларды ага катышууга чакырабыз», - деди иш чаранын катышуучуларына өзүнүн куттуктоо сөзүндө Компаньон Банкынын Башкармалыгынын мүчөсү  Наталия Фефилова.

Иш чарага КРнын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы Ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Моңолдоров, Жыргалаң айыл аймагынын башчысы Талгат Мукалаев жана Барскоон айыл аймагынын башчысы Руслан Эшмамбетов катышышты.

Бардык жаңылыктар