Жаңылыктар

Компаньон Банкы менен бирге «Дубайга барабыз!»

3 4 2019

Компаньон Банкы 2019-жылдын 30-мартында Бишкектеги соода борборунда эсеп ачпастан акча которуулар боюнча «Дубайга барабыз!» акциясынын бет ачарын өткөрдү.

Иш чаранын алкагында кыргыз эстрадасынын жылдыздары Омар жана Абир Касенов ырдашты, конкурстар жана интерактивдүү оюндар өткөрүлдү, алардын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер берилди.

Акча которуулар боюнча «Дубайга барабыз!» акциясына Кыргызстандын эсеп ачпастан акча которуулардын эл аралык системалары боюнча акча которууларды ишке ашырган ар бир жашоочусу катыша алат.

Акцияга катышуу үчүн эл аралык акча которуулардын «Золотая Корона», «Контакт», Western Union, «Юнистрим» жана башка эл аралык системалары боюнча Компаньон Банкында акча котолрууларды жөнөтүү жана алуу керек. Которуулар бардык валюталарда ишке ашырыла алат. Акциянын бүт мезгилинде которуулардын эң көп көлөмүн ишке ашырган катышуучулар Акциянын жеңүүчүлөрү болуп калышмакчы.

Акция 3 этапта өтөт. Акциянын биринчи этабы 1-мартта эле башталган жана 31-майга чейин созулат. Акциянын экинчи этабы 1-июндан 31-августка; а Акциянын үчүнчү – финалдык этабы жалпысынан 2019-жылдын 1-мартынан 30-ноябрына чейин уланат.

Алгачкы эки этапта 30дан жеңүүчү аныкталат, алар баалуу белектерди – тиричилик техникасын жана заманбап гаджеттерди алышат. А Акциянын үчүнчү этабынан үч башкы жеңүүчүсү ҮЧ БАШ БАЙГЕНИ - ноутбук, iPhone Xs же Дубайга эки кишиге саякатты алышмакчы!

Акциянын шарттары жөнүндө кеңири маалыматты контакт-борбордун 8800 телефону боюнча жана Банктын сайтынан www.kompanion.kg билүүгө болот.

Компаньон Банкы баарыңыздарга ийгилик каалайт!

Акцияга катышыңыздар жана Компаньон Банкы менен бирге утуңуздар!

Бардык жаңылыктар