Жаңылыктар

Компаньон Банкынын кызматкерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин Жеңиш күнү менен куттукташты

11 5 2019

Компаньон Банкынын командасы бүтүндөй Кыргызстан боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун 200дөн ашуун ардагерин куттукташты. Банктын филиалдык тармагынын кызматкерлери аларга азык-түлүк топтомун тапшырышты жана алар менен согуштагы окуялар жөнүндө аңгемелешишти, Жеңиш үчүн өмүрүн бергендерди эскеришти. Ардагерлер эскерүүлөрүн айтып беришти, согуштан кийинки убактагы сүрөттөрүн, алган ордендерин жана башка сыйлктарын көрсөтүштү.    

‪Бейпил жашообуз үчүн согуштун каармандарынын жаркын элесин эсте сактайбыз жана ыраазычылык билдиребиз.

Бардык жаңылыктар