Жаңылыктар

АБАЙЛА! ФИНАНСЫЛЫК ПИРАМИДАЛАР!

12 2 2020

Урматтуу кардарлар,

Акыркы убакытта финансылык пирамидалар жана башка лотереяга окшогон алдамчылык операциялар көбөйүп калды.

Финансылык пирамидага катышуунун жыйынтыгында сиз салган акча каражаттарыңызды жоготуп жана уюштуруучулар тарабынан алданып калсаңыз болот. Финансылык пирамида адамдарды интернет, социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка каналдар аркылуу тартат. Катышуучулардан олуттуу акча каражаттарын салууга жана башка катышуучуларды тартууга өтүнүшөт, ошондой эле жогорку кирешени жана байгелерди берүүгө убада беришет. Жаңы катышуучулар кошулбаганда финансылык пирамида бузулуп, пирамидага катышкан адамдар эч нерсесиз калышат.    

Этият болуңуздар, финансылык пирамидаларга катышпаңыздар! «Компаньон Банкы» ЖАК ушундай уюмдарга тиешелүү эмес, финансылык пирамидаларга жана башка шектүү операцияларга салынган акча каражаттары үчүн жоопкерчилик тартпайт.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлолрунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыздар.

Бардык жаңылыктар