Жаңылыктар

Компаньонго ишеним

24 5 2019

Компаньон Банкынын Башкармалыктын Төрайымы Маргарита Черикбаеванын Triodos Investment Management үчүн интервьюсу. Маекти шилтеме боюнча окуй аласыз. 

Компаньон Банкынын миссиясыБорбор Азияда жамааттарды өнүктүрүү боюнча алдынкы финансы институту болуу. Банк Кыргызстанда жайгашкан жана финансы кызматтарына жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, калкка финансылык сабаттуулук боюнча акысыз тренингдерди өткөрүү, чакан бизнеске колдоо көрсөтүү жана ал финансы технологияларын активдүү пайдаланууну билдирген санариптик трансформация стратегиясын жүзөгө ашыруу менен эмитен эле таасир этерлик натыйжаларга жетишүүдө.

Өз ишмердигинин алгачкы 12 жылында Компаньон Банкы микрофинансы уюму катарында иштеген. 2016-ж. банк лицензиясын алуу Компаньонго өз продуктыларынын жана кызматтарынын спектрин кеңейтүүгө мүмкүндүк берди – эми Банк кредиттерди эле эмес, эл аралык акча которууларды, чакан жана орто бизнес үчүн кредиттерди, эсептешүү-кассалык тейлөөнү, төлөм карталарын да сунуштоодо, ошондой эле чет элдик банктар менен корреспонденттик мамилелерди да колдоодо.

Маргарита Черикбаева Компаньон Банкынын Башкармалыгынын Төрайымы болуп 2018-ж. мартында дайындалган. Анда буга чейин финансы секторундагы ийгиликтүү карьера, анын ичинде калктын финансы кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү боюнча тажрыйба бар болчу. Биз Компаньон Банкы жөнүндө көбүрөөк билүү жана Банк өлкөнүн финансы секторун өнүктүрүүгө кантип жардам берип жана анын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кантип өбөлгө түзүп жатканы жөнүндө билүү үчүн Маргарита менен маектештик.

Сиз кандай ойлойсуз, финансы кызматтарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү ролу кандай?

Өтө чоң! Учурда олуттуу прогресске жетишилди, бирок дагы көп нерсени жасоо керек. Калкыбыздын экономикалык активдүү бөлүгүнүн арасында активдүү банк эсептеринин саны КМШнын башка өлкөлөрүндөгүдөн дагы деле аз. Статистиканы карасак, азыр банк эсептери калктын 35-40%ында гана бар; беш жыл мурда ал болгону 18-20% болчу, башкача айтканда, саны өсүүдө. Биз калктын камтылбаган катмарларынын финансы продуктыларына жана кызматтарына кеңири жеткиликтүүлүгүн камсыздоо ыкмасын табууга жана аларды формалдуу финансы секторуна камтууга тийишпиз. Биз акча каражаттарын топтоо практикасына түрткү берүүнү каалайбыз, себеби, макроэкономикалык көз караштан алганда, чоң депозиттик база биз депозиттер боюнча төлөп жаткан пайыздар биз чет элдик финансы институттарынан тартып жаткан ресурстар үчүн берген пайыздарга караганда бизге арзанга түшөрүн билдирет, ал акырында бизге кредиттер боюнча пайыздарды төмөндөтүүбүзгө мүмкүндүк берет.   Бул бүтүндөй экономикалык системага түрткү берүүгө жардамдашат.

Сиздин оюңуз боюнча, финансылык камтууну кеңейтүүгө эмне кедерги болууда?

Өз изилдөөлөрүбүздөн, ошондой эле USAID жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы сыяктуу көз карандысыз уюмдардын баалоолорунан улам биз үч чечилбеген маселе бардыгын, алар менен иштөөбүз зарылдыгын билебиз. Биринчиси - өлкөбүздүн экономикасы жетишерлик узак убакыт накталай эсептешүүлөргө негизделгендиги менен байланышкан. Көптөгөн адамдар 1989 – 1990-жж. Советтер Союзунун тарашы менен байланышкан кризистен улам топтогон аманаттарын жоготушкан. Ушуга байланыштуу банктарга ишеним деңгээли өтө төмөн болгон. Азыр ал акырындык менен жогорулоодо. Экинчи проблема – өзгөчө элет жеринде зарыл банк инфраструктурасынын жоктугу. Алыскы региондордо инфраструктура түзүү коштоочу чыгымдардан жана ченемдик талаптардан улам рентабелдүү эмес. Үчүнчү себеп – финансылык сабаттуулуктун төмөн деңгээли. 

Ушул проблемаларды чечүүгө көмөктөшүү үчүн кандай чараларды көрүп жатасыздар?

Биз банк лицензиясын алгандан баштап эле аларды чече баштадык. Финансылык сабаттуулук боюнча жөнөкөй тренингдерди иштеп чыктык жана топтоолор ар бир адам үчүн абалды олуттуу өзгөртө аларын түшүндүрүү үчүн оюн элементтерин пайдалануу менен семинарларды өткөрүүдөбүз. Башкысы – элдерге жакын болуу жана маалыматты жеңил жеткиликтүү жана түшүнүктүү формада берүү. Бардык тейлөө чекиттерибиздеги (алар 106) кызматкерлер окутуудан өтүштү жана ар эки жумада тренингдерди өткөрүшүүдө. Биз аларга кардарларыбызды чакырабыз, бирок жамааттын бардык жашоочулары келгенине кубанычтабыз. Биздин кардарлар базабыз өлкөдөгү эң ирилердин бири -  130 000 кардар бар жана адамдардын мүмкүн болушунча көп санын камтуу жана аларга зарыл колдоо көрсөтүү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланабыз. 

Мен сиздерге көп таржымалдарды айта алам, бирок бул мен жакшы көргөн таржымал: жарым жылдай мурда тренингдердин бирине аманаттардын артыкчылыктары жөнүндө угуу үчүн маршрутканын айдоочусу келди. Ал биздин кардарыбыз эмес, бирок эки жыл аралыгында күн сайын бир нече монетадан чогултуп келгенин айтты. Аны менен бирге ал бизде депозит ачса, канча топтой алмагын эсептеп чыктык. 200 доллар болуп чыкты. Кийинки күнү ал филиалга 40 кг монеталарды көтөрүп келди! Анан Банкыбыздан эсеп ачты.

Аялдардын тартылганы сиздер үчүн канчалык маанилүү?

Биз бул маселеде активдүү стратегияны карманабыз. Ар бир филиалыбызда финансылык сабаттуулук боюнча аялдар үчүн атайын тренингдер жана маалыматтык сессиялар өткөрүлөт. Биз аялдарды чакырып жана алар менен топтоолор жөнүндө маектешкенде алар өтө олуттуу жана ынталуу болуп калышат. Алар бул болочокто балдарына кандай таасир этерин түшүнө башташат. Мисалы, топтоолор алардын кыялын ишке ашырууга жана балдарынын университетте окуусуна акы төлөөгө жардам берерин билишет. Алар аманаттар чынында эле алардын жашоосун өзгөртө аларын түшүнүшөт. Тренинге чакырылган 30 аялдын ичинен жок дегенде 5өөсү топтомо эсеп ачышат.   

Тренингдер адамдардын финансы секторуна ишенимин калыбына келтирүүгө жардам берет жана финансылык сабаттуулукту жогорулатат экен. Бирок, элет жашоочуларынын финансы кызматтарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү проблемасычы?

Мында оюнга финансы технологиялары киришет! Кеңири филиалдык тармагыбызга карабастан (бул өңүттө биз өлкө боюнча лидерлердин үчилтигиндебиз), өзгөчө алыскы региондордо адамдардын көп санын тейлей албайбыз. 500 адамдан аз калк жашаган айылдар бар жана аларда көбүнчөсү кирешелердин деңгээли төмөн. Алардын жашоочулары филиалыбызга келүү үчүн алыс жол басууга даяр эмес. Алар кредит алууга келиши мүмкүн, бирок депозит үчүн эмес. Кардар менен филиалдын ортосундагы аралык финансылык камтууну кеңейтүү үчүн тоскоолдук түзүп жатпайбы. Финансылык технологиялар биз үчүн – мындай кардарларга жетүү үчүн мүмкүндүк.  

2018-жылдын декабрында биз Санариптик трансформация стратегиябызды бекиттик. Бул Стратегиянын алкагында биз жүзөгө ашырып жаткан долбоорлордун бири – агенттик тармак менен иштөө. Расмий агент болуп калган ар ким, айталы, айылдагы дүкөн толуктоо жана накталоо чекити да боло алат. Агентте электрондук капчык болот жана бизде да электрондук капчык болот. Бардык операциялар үчөөбүздүн (агент - кардар – Банк) ортобузда, тейлөө чекитин ачуу зарылдыгысыз жүргүзүлөт. Кардарлар өз капчыктарынын жана эсептеринин ортосунда операцияларды жүргүзө, ошондой эле топтомо эсептерин толуктай да алышат. Банк пайыздарды кошуп эсептейт, а кардарлар улам топтогонду үйрөнө беришет. Бул жөнөкөй, ыңгайлуу жана мен ал өлкөдөгү депозиттерди пайдалануучулардын санын көбөйтөт, ошондой эле экономикабыздын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт деп ойлойм.   

Сиздер кайсы жетишкендигиңиздер менен баарынан көп сыймыктанасыздар?   

Биз өлкөдөгү эң кирешелүү банктардын төртилтигине киргенибизди азыр гана билдик, бирок, бизди башка банктар менен салыштырса, социалдык жоопкерчилик багытында да өтө көптү жасоодобуз.  Максатыбыз – пайда гана эмес, жана биз грант алууга багытталбайбыз. Биз, мисалы, финансылык сабаттуулук боюнча тренингдер учурундагыдай,  социалдык ишмердүүлүгүбүз үчүн өзүбүз төлөйбүз. Муну өз чөнтөгүбүздөн, акысыз жасайбыз. Мен адамдар башка жерден эсеп ачышса, каршы эмесмин, бул баары бир өлкөбүз үчүн пайдалуу. Биздин штатта 32 агроном жана ветеринар да бар, алар өлкөбүздүн калкынын эң жакыр катмарлары үчүн атайын тренингдерди өткөрүшөт. Алар биздин кардарлар да болушу, болбошу да мүмкүн, бирок биз аларды айыл чарбасын жүргүзүүнүн туура ыкмаларына – мисалы, түшүмдүүлүктү кантип жогорулатууга, малдарды кантип туура багууга, мөмө бактарын кыюуга ж.б. окутабыз. Убагы келгенде ал фермерлер биздин Банктын же башка банктын кардары болуп калышы мүмкүн, мында башкысы – биздин аларга кирешелерин көбөйтүүсүнө жана жакырчылыктан чыгуусуна жардам бергибиз келгенинде. 

Мен өзүбүз түзгөн маанай – жетекчилик менен кызматкерлердин ортосундагы толук ишеним жана ачыктык менен да өтө сыймыктанам. Жана ал күн санап улам күчтүү сезилүүдө. Ободо энтузиазм калкып жана адамдар жаңы мүмкүнчүлүктөр үчүн ачык болууга окушууда.  

Кыргызстанда жүрүп жаткан кандай өзгөрүүлөр сизде кубанууну/тынчсызданууну жаратат? 

Кыргызстан – жаш өлкө жана бизде оор мезгилдер болгон: экономикалык кризис, эки революция. Бирок, мен жолубузда кездешип жаткан бардык тоскоолдуктарды жеңе аларыбызга ишенем. Бизде өнүгүү мүмкүндүгүн берген рыноктор бар. Ошондой эле эң сонун кызматкерлер бар – жигердүү жана калыс. Жаңы финансылык технологиялар келүү алдында турат жана мен ойлойм, алардын жардамы менен биз өзүбүзгө реалдуу маанидеги өнүгүүнү камсыздай алабыз. Бул үчүн чөйрө өтө жагымдуу. Бизде финансы рыногуна чыгууга аракеттенип жатышкан уюлдук байланыш операторлору сыяктуу атаандаштар көрүнө баштаганы кызык. Бизде үч ири телекоммуникациялык компания бар жана алардын рыноктогу катышуусу кеңейүүдө. Бул компаниялардын олуттуу артыкчылыгы – ресурстарда жана жеткиликтүүлүк деңгээлинде, бирок банк сектору алар биз сыяктуу эле чененмдик талаптарга ылайык келүүсүн талап кылууда. Кызматташуу үчүн да чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Бир нече жыл мурда атаандаштык өтө күчтүү болчу, бирок азыр финансы секторунун катышуучулары ачык болууну каалашат жана бири-бирин көп колдошот – азыр, мисалы, биз мобилдик операторлор менен электрондук капчык чөйрөсүндө кызматташуунун келечегин талкуулоодобуз. Биргелешип иштеше аларыбызды карап көрөбүз. Бирок, кызматташууга даярдык маанайы сезилүүдө. 

Сиз Компаньон Банкынын 3-5 жылдан кийинкисин кандай элестетесиз? Бул ниеттерди жүзөгө ашыруу үчүн сиздерге эмне керек? 

Мен жакынкы үч жылда өзүн актагандык, кирешелердин чыгашаларга карата коэффициенти жана натыйжалуулуктун башка көрсөткүчтөрү боюнча банктар арасында үчилтикке кирүүбүздү каалайм. Азыр жолдун жарымындабыз. Айрым багыттарда биз каалаган натыйжаларга жетиштик, а айрымдарында максатыбызга жетишүү үчүн бир нече стратегиялык долбоорлорду киргиздик. Мисалы, санариптик трансформация – бул электрондук капчыктар жана агенттик тармак, бүтүндөй кредиттик процессти санариптештирүү. Биз QR-коддорду пайдалануу мүмкүндүгүн да карап жатабыз. Бир катар жаңы чечимдер бар, алар бизден инфраструктураны түзүү боюнча активдүү аракеттерди талап кылат жана бизде рыноктун башка катышуучуларынан озуп кетүү мүмкүндүгү бар.  

Компаньон Банкынын капиталында Triodos Microfinance Fund жана Triodos Fair Share Fund фонддорунун катышуу үлүштөрү бар. Регионалдык менеджер Розанна Саркеева Банктын Директорлор кеңешинде бул фонддордун кызыкчылыктарынын өкүлү жана бул ролдо Компаньон Банкынын стратегиялык өнүгүүсүнө жана анын кесипкөйлүгүн андан-ары жогорулатууга активдүү салым кошууда.

Бардык жаңылыктар