Жаңылыктар

Компаньон Банкы жаш кыргызстандыктарды Балдарды коргоо күнү менен куттуктады

3 6 2019

Компаньон Банкы өзүнүн социалдык миссиясынын алкагында өлкөнүн калкынын экономикалык жана социалдык бакубаттуулугун колдоо боюнча иш алып барууда, анын ичинде балдарга жана жаштарга жардам берүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган социалдык долбоорлорду колдоодо.

Жакшы салт болуп калгандай, Компаньон Банкынын кызматкерлери бүтүндөй Кыргызстан боюнча Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдоого активдүү катышышты. 2019-жылдын 29-майынан 3-июнуна чейин Банктын командасы балдар үйлөрүндө жана реабилитациялык борборлордо жашашкан балдарга барды. Банктын кызматкерлери аларда чектелген мүмкүнчүлүктөрү менен балдар жашаган, финансылык колдоого жана камкордукка муктаж аз камсыз болгон бүлөлөрдүн үйлөрүндө болушту. Балдар үчүн тиричилик техникасы, эмеректер, балдар кийимдеринин комплектилери, канцелярдык товарлар, идиш-аяк, оюнчуктар, жеке гигиена каражаттары жана таттуулар сатып алынды.  

3-июнда Банктын командасы Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда жашаган, ата-энелеринин кароосуз калышкан бөбөктөргө барышты. Борбордун администрациясына балдардын эс алуу бөлмөлөрү үчүн кондиционерлер жана телевизорлор берилди.

Социалдык адаптациялоо борборунун директорунун орун басары Кундуз Калдымолдоева:

Компаньон Банкы тарабынан көрсөтүлгөн жардам бизге өтө маанилүү жана керектүү. Андан улам биз балдардын борбордогу жашоо шарттарын жакшырта алабыз. Балдарга ыңгайлуу болот - алар музакалык класста ырдап жана бийлей алышат.  Биз азык-түлүк продуктылары сакталган кампа жайыбызда зарыл температуралык режимди кармай алабыз. Бирок, балдар баарынан да чоң жаңы телевизорлорду көрүп аябай кубанышты! Көңүл бөлгөнү жана жардам көрсөткөнү үчүн Банкка рахмат!   

Компаньон Банкы ар бир балага бекем ден соолук жана жаркын келечек каалайт.  

Бардык жаңылыктар