Жаңылыктар

Кыргызстандагы кичине жана орто бизнестер үчүн “Компаньон” МФК тарабынан кыргыз сому менен берилүүчү насыя линиялары жеткиликтүү болот.

23 10 2015

Алдыңкы катардагы микрофинансылык уюму 9 миллион АКШ долларына барабар насыя линиясын бүткүл Кыргызстанда кичине жана орто бизнестерди каржылоо үчүн колдонуп жатат.

«Компаньон» МФК – Кыргыз Республикасындагы алдыңкы микрофинансылык уюму – Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынан (мындан ары «ЕРӨБ») бүткүл өлкөдөгү микро, кичи жана орто бизнестерди кыргыз сому менен насыялоо үчүн жаңы насыя алат.

9 миллиондук АКШ долларындагы 3 жылдык насыя Компаньондун кардарларын, анын ичинен айыл жергесиндеги кардарларын колдоо үчүн багытталган. 

«Компаньон» МФК ЕРӨБ нын эзелден берки партнеру болуп эсептелет. 2007-жылдан бери бул уюмдардын ортосунда жалпы суммасы 17 миллион АКШ долларында алты насыя макулдашуусуна кол коюлган. Азыркы күндө Компаньон өзүнүн зайымчыларына жалпы суммасы 618 миллион АКШ долларында бир миллиондон көп  насыя берген. «Компаньон» МФК бир канча жума мурда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан банк ишмердүүлүгү лицензиясын берүүгө алдын ала макулдугун алган. Банк лицензиясын алгандан кийин, Компаньон өлкөдөгү банкка трансформацияланган үчүнчү микрофинансылык уюм болот. Бул Компаньонго аманаттарды тартып баштоо менен өзүнүн каржылоо булактарын диверсификациялоо мүмкүнчүлүгүн берет.

«Азыр, бүткүл өлкө боюнча кыргыз сому менен насыялоо көлөмү жетишсиз учурда, кыргыз сомундагы жаңы насыя Компаньонго айыл жергесиндеги микро жана кичи бизнестерди каржылоо мүмкүнчүлүгүн берет. Негизи, айыл жергесиндеги микро жана кичи бизнестердин чет элдик валютада кирешелери жок, ошондуктан алар валюталык тобокелдикти көтөрө алышпайт. Мындан тышкары, белгилей кетчү нерсе, көптөгөн ушул сыяктуу зайымчылар банк филиалдары жок ыраак аймактарда иштешет, ошндуктан алар үчүн «Компаньон» сыяктуу микрофинансылык уюмдардын насыялары жалгыз каржылоо булагы болуп эсептелет. Биз Компаньон менен ушу маанилүү келишим боюнча биргелешип иштегенибизге сыймыктанабыз», - деп Кыргыз Республикасындагы ЕРӨБ өкүлчүлүгүнүн башчысы Лариса Манастырли билдирди.

«Компаньон» МФК Башкармалыгынын төрагасы Уланбек Термечиков муну белгилей кетти:  «Компаньондун максаты – айыл жергесиндеги микро жана кичи бизнестерди колдоо, финансылык жана техникалык колдоо менен жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсүнө жардам берүү. Бул насыя линиясы өлкөдөгү микро жана кичи бизнестер үчүн финансылык каражаттарды дагы жеткиликтүү кылат». 

Өлкөдөгү микро, кичи жана орто бизнестерди колдоо 2015-жылы Кыргыз Республикасы үчүн кабыл алынган ЕРӨБ нын жаңы стратегиясынын приоритеттүү багыттарынын бири болуп эсептелет.

 

Бардык жаңылыктар