Жаңылыктар

Компаньон Банкы – Tengri Music 2019 музыкалык фестивалынын расмий өнөктөшү

14 8 2019

Компаньон Банкы кардарларынын бакубаттуулугун жакшыртууга жана жаматтарды колдоого гана эмес, Кыргызстанда маданиятты, спортту, билим берүүнү жана экологияны өнүктүрүүгө багытталган социалдык демилгелерди да активдүү колдоого алат.

9- жана 10-августта «Рух-Ордо» маданий борборунда (Чолпон-Ата ш.) КРнын өкмөтүнүн колдоосунда «Prima» КФ тарабынан уюштурулган классикалык музыканын ачык асман алдындагы TENGRI MUSIC FEST 2019 V эл аралык фестивалы болуп өттү, анда Компаньон Банкы расмий өнөктөш болду. Фестивалга келгендерди ар кайсы өлкөлөрдөн келишкен талантуу музыканттар кубантышты, алар кыргыз берметинин - Ысык-Көлдүн фонунда классикалык, джаз жана автордук музыканын шедеврлерин чебер аткарышты.

Банктын Башкармалыгынын мүчөсү Наталия Фефилова гуманисттик, руханий сапаттарды жана маданияттар аралык байланыштарды калыптандыруучу иш чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле меймандарга Банктын 15 жылда жетишкен ийгиликтери жана жакынкы пландары жөнүндө айтып берди. Компаньон Банкынын кызматкерлери иш чарага активдүү катышышты,  «Компаньон» электрондук капчыгынын кеңири мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүп беришти жана меймандарды эки күндүк промо акциянын алкагында жагымдуу бонустар менен кубандырышты. Электрондук капчыктын жаңы пайдалануучулары пайдалануу ыңгайлуулуктарын баалашты жана пикирлери менен бөлүшүштү.

«Музыка бизди ынанымдуу ой жүгүртүүгө түртөт. Музыка адамга улуулуктун анын жан дүйнөсүндө болгон мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтөт» © Эмерсон У.


Бардык жаңылыктар