Жаңылыктар

Компаньон Банкы «Жайлоодогу бала бакчалар» долбоорунун алкагында беш борбордун ачылышын колдоого алды

20 8 2019

Алты жылдан бери Компаньон Банкы «Жайлоодогу бала бакчалар» долбоорун колдоп келет, анын максаты калктын мектепке чейинки билим берүүгө бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо болуп саналат. Жайлоодогу бала бакчаларда жайында алыскы тоолуу райондордо болушкан малчылардын балдары окутуунун атайын иштелип чыккан программасы боюнча базалык билим алышат. Долбоордун демилгечиси - «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фонду.  

2019-жылы Компаньон Банкы бала бакчалардын толук баалуу иштеши үчүн зарыл болгон канцелярдык товарларды берүү менен Кыргызстандын төрт областында дагы беш жайлоодогу бала бакчанын ачылышын колдоду. Канцелярдык товарлардын топтомун Нарын, Ош, Баткен жана Талас областындагы балдар алышты.

Компаньон Банкынын миссиясы – кардарлардын жана жамааттардын экономикалык жана социалдык бакубаттуулугун жогорулатууга, өлкөнүн бүт калкынын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн көбөйтүүгө, ошондой эле курчап турган чөйрөнүн сакталышына өбөлгө түзүүчү социалдык жоопкер финансы кызматтарын берүү.  Компаньон Банкы жамааттын социалдык өнүгүүсүн анын финансылык туруктуулугу менен бириктирүүгө умтулат.

Бардык жаңылыктар