Жаңылыктар

Компаньон Банкы XIV Алма фестивалына чакырат!

11 9 2019

Компаньон Банкы он төртүнчү жыл сайын өткөрүлүүчү Алма фестивалына чакырат, фестиваль 2019-жылдын 21-сентябрында Чүй облусунун Токмок шаарында өтөт. Биринчи фестиваль 2006-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн, андан бери салтка айланып, жергиликтүү дыйкандар үчүн үзүрлүү экономикалык аянтча болуп калган.

Иш-чаранын негизги максаты багбанчылыкты өнүктүрүү жана агропродукциянын сатып алуучулары менен сатуучуларынын ортосундагы базар байланыштарын чыңдоо болуп саналат. Былтыр Алма фестивалы Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өткөн, багбанчылар 800дөн ашык тонна алма сатууга жетишкен.

Фестивалдын чегинде катышуучулар өз продукциясын сатуу үчүн келишимдерди түзүп, Компаньон Банкынын агрономия жана ветеринария боюнча адистеринен акысыз кеп-кеңештерди ала алышат. Фестивалдын программасы алмалардын көргөзмө-жармаңкеси, мастер-класстар, сынактар, музыкалык номерлер жана жемиштерден жасалган тамак-аштардан даам татуу менен коштолот.

Алма фестивалына катышуу суроолор боюнча «Компаньон Банкы» ЖАКнын адисине Зарылбек Усукевге төмөнкү телефон боюнча кайрылсаңыз болот: +996 551 78 30 78.

ММК аккредитациясы Банктын PR-кызматы аркылуу төмөнкү телефондор боюнча өткөрүлөт 0312 33 88 00 (кош. 1002), +996 555 99 22 57, e-mail: marketing@kompanion.kg.

Бардык жаңылыктар