Жаңылыктар

ЖЫЛ САЙЫН ӨТКӨРҮЛЧҮ АЛМА ФЕСТИВАЛЫ ТОКМОК ШААРЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫН КУБАНДЫРДЫ

23 9 2019

Алма фестивалдары  Кыргызстандын көпчүлүк фермерлери, багбандары жана агроөнөр жай секторунун өкүлдөрү үчүн жакшы салтка жана келечектүү аянтчага айланып калды. Фестивалдын уюштуруучусу Компаньон Банкы, өнөктөштөр жана облустук, райондук администрациялардын өкүлдөрү дагы  көмөктөшүп турушат.

Быйыл алма фестивалы 21-сентябрда Токмок шаарынын  С.Ибраимов атындагы борбордук аянтында уюштурулду. Алма фестивалына жергиликтүү калк жана Чүй жана Ысык-Көл облустарынын ишкерлери, баш-аягы 500дөн ашуун адам катышты.

Майрамдын катышуучулары айыл чарба азыктарынын көргөзмө-жарманкесин көрүшүп, алмалардын эң мыкты сортторунун парадына күбө болушту. Борбордук аянтта улуттук диаспоралардын концерттери эч кимди кайдыгер калтырган жок. Андан тышкары Токмок шаарынын мектептеринин жана чыгармачыл клубдарынын өнөрпоздору фестивалдын катышуучуларына мыкты көркөм номерлерди тартуулашты.

Көпчүлүктүн купулуна толгон өнөрпоздорго Компаньон Банкы  сыйлыктарды тапшырды.

Алма фестивалынын алкагында меймандар  багбанчылыктын сырларын үйрөнүп, күн кубатын пайдалануу, улуттук сувенирлерди жасоо боюнча мастер-класстарга катышып, финансылык сабатын тереңдетүү  максатында тренингдерден өтүштү.

Фермерлер өз продукцияларын сатып, дүң сатып алуучулар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жетишишти.

Токмоктун жашоочуларынын айтымында алма фестивалы шаардын турмушундагы жаркын окуяга айланып, маданий эс алууга шарт түзүп, көпкө чейин эстеринде калат.

Компаньон Банкы окутуу жана коомчулукту колдоо бөлүмү аркылуу агрономия жана мал чарбачылыгы боюнча штаттагы жогорку квалификациялуу 30 адисти тейлеген Кыргызстандагы жападан жалгыз банк болуп саналат. 2005-жылдан бери Компаньон Банкы    өлкөбүздүн алыскы аймактарындагы элет жашоочуларын “Эко-бакча”, “Мал багуу жана жайыттарды башкаруу”, “Финансылык билим” багыттары боюнча окутуудан өткөрүүгө мүмкүнчүлүк тартуулап келатат. Компаньондон билим алган элеттиктер  айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өстүрүүгө, малдын азыктуулугун арттырууга жана үй-бүлөлүк бюджетти сарамжал пайдаланууга  жетишип жатышат. Жалпысынан алганда мындай демилгелер калктын кирешесин арттырып, турмушун жакшыртууга  өбөлгө түзүүдө. 2018-жылы банктын агрономдору менен ветеринарлары Кыргызстан боюнча  120 айылды кыдырып, 2550 тренинг өткөргөн.

Учурда Компаньон Банкы  – 15 жылдык тажрыйбасы бар, банк кызматынын толук түрлөрүн тартуулаган туруктуу уюм. Компаньон Банкына     өлкөнүн 100 000 ден ашуун кардары ишеним көрсөтүп, кызматташып келатат. Кардарларга ыңгайлуу болсун деп Кыргызстан боюнча банктын 105 бөлүмү ачылган. Компаньон Банкы   социалдык багыттагы иш чараларга, Кыргызстандын калкын колдоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөн иш чараларга өзгөчө көңүл бөлүп келет.

Бардык жаңылыктар