Жаңылыктар

КҮЗ – ТОПТОО ЖАНА САКТОО ҮЧҮН ЖАКШЫ МЕЗГИЛ

25 9 2019
КҮЗ – ТОПТОО ЖАНА САКТОО ҮЧҮН ЖАКШЫ МЕЗГИЛ

Эгерде сиз акча топтой баштасаңыз, куттутайбыз –  бул коопсуз келечекти карай  жасалган акылдуу кадам. Чогулта башташ үчүн   топтомдун түрдүү стратегиялары бар,  ошондуктан  тез, көп жана жашоонун сапатына зыян тийгизбей топтоо үчүн өз  стратегияңызды өзгөртүү эч качан кеч эмес. Аны үчүн  Компаньон Банкынын  финансылык сабаттуулук боюнча адистери  акча каражаттарын сактоо жана топтоо процессиндеги белгилүү бир айырмачылыктарга көңүл бурууну сунуштайт. 

Баарынан жакшысы – топтоо боюнча өз алдыңызга  максаттарды коюп, ошого умтулуу. Ай сайын топтоого чегере турган  конкреттүү сумманы аныктап алыңыз.  Эгерде аны жашоонун сапатына зыян тийгизбей туруп  көбөйтсө болот деп эсептесеңиз, ошондой кылыңыз. Аманаттар ырааттуу жана бирдей болушу керек. Бирок баарын салбаңыз. Кадимки карта эсебиңизге өзгөчө кырдаал үчүн кайсы бир сумманы калтырып коюңуз.  Эгерде сиз  акчаларыңызды карточкада гана сактасаңыз,  топтогон каражаттарыңызды алып коюу же  күтүлбөгөн, бирок абдан  жакшы буюмду сатып алуу тобокели бар. Кыязы  сиз ошондой эле кыласыз, анткени акчаны алыш абдан оңой, алар кол жетчү жерде, аны үчүн ал тургай банкка дагы барыштын зарылчылыгы жок, банкоматты пайдалансаңыз эле жетиштүү.

Сиздин бир гана топтомо эсебиңиз болсо, анда акча тез топтолуп, баарына жетчүдөй сезилет. Эгерде сиз бир гана буюмга, мисалы батирге же отпускка топтоп жатсаңыз, баары жайында. Бирок, эгерде сиздин бир нече максатыңыз болсо,  бир банк эсебиңиз эсептешүүлөрдү кыйындатат, сиз конкреттүү өсүштү көрбөйсүз.  Сизге акчаңыз эмнеге жетет, эмнени кийинкиге калтырыш керектигин түшүнүү кыйын.  Аны үчүн бир нече эсеп ачкан оң, анын ар бири белгилүү максаттарга багытталат: мисалы “үйгө”, “отпускка”, “баланын билимине”. Мына ошенткенде  өз финансыңызды эсептеш жана реалдуу өсүштү көрүү  кыйла оңой.

Компаньон Банкы улуттук валютада аманаттын  мөөнөтүнө жараша  жылдык 12% чейинки жогорку  чен  менен толуктоонун ийкемдүү шарттарын камтыган пайдалуу аманаттарды сунуш кылат. Компаньон Банкы сунуштаган аманаттардын тизмесинде ар бир кардар  түрдүү максаттарга багытталган ылайыктуу  шарттарды таба алат, ошонун аркасы менен  сиздин акчаңыз коопсуз болуу менен бирге, сиздин пайдаңызга иштей баштайт.

Шарттар менен https://www.kompanion.kg/kg/retail/deposit шилтемесинен кеңири таанышсаңыз болот.

Компаньон Банкы – 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын катышуучусу. КРнын депозиттерди коргоо Агенттиги КРнын “Банк   аманаттарын (депозиттерин) коргоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ар бир аманатчыга акча каражаттарынын кайтаралышына кепилдик  берет, башкача айтканда  кепилдик учуру келсе,  аманатчыларга аманат боюнча пайыздарын кошуп, 200 000 сомго чейин компенсация төлөп берет.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар