Жаңылыктар

БАНК БҮТ БОЙДОН СИЗДИН СМАРТФОНДО

2 10 2019

Технологиялардын өнүгүүсү финансы тармагын кескин өзгөртүүд. Мобилдүү төлөи сервистери улам көп популярдуу болууда, алар сатып алуучу менен сатуучунун ортосунда байланыштыруучу звено болуп калууда жана төлөмдү жасоо процессинде жаңы деңгээлге чыгууда.

Компаньон Банкы Appstore жана Play Market(те) «Компаньон капчыгы» мобилдик тиркемесин ишке киргизүү жөнүндө жарыялайт. «Компаньон капчыгы» тиркемеси менен кыргызстандыктар бардык финансы кызматтарына тез жана ыңгайлуу жеткиликтүүлүк алалышат. «Компаньон капчыгы»  электрондук акча каражаттарынын жардамы менен Банктын кардарларына да, мобилдик операторлордун кызматтарынан пайдаланышкан бардык жеке жактарга да ар кандай төлөмдөрдү жана которууларды жасоого мүмкүндүк берет. Мында ал аркылуу финансы кызматтарынын бүтүндөй өлкө боюнча жеткиликтүүлүк деңгээлин кеңейтүү менен электрондук капчыкты толуктоо үчүн бүтүндөй Кыргызстан боюнча өздүк жана өнөктөштүк терминалдык тармак бар. Бул үчүн мобилдик түзүлүштө тиркемеге ээ болуу гана зарыл. Электрондук капчыкты пайдалануу үчүн iOS жана Android операциялык системалары менен смартфонго «Компаньон капчыгы» тиркемесин орнотуу жана системада телефон номери боюнча катталуу жетиштүү. Жаңы сервис финансы кызматтарынын кеңири спектрине, ошондой эле электрондук капчыктагы бардык операциялар боюнча маалыматка тез жана ыңгайлуу жеткиликтүүлүк үчүн ар кайсы финансылык аспаптарды – капчыкты пайдалануучунун өздүк эсебин, «Элкарт» банктык картасын, Компаньон Банкындагы депозиттик эсепти жана кредиттик эсепти бир жерде бириктире алат. Пайдалануучулар Банктын бүтүндөй Кыргызстан боюнча 105 офисинин каалаганында идентификациядан өтө алышат, ал электрондук капчыктын бир жолку операциялар боюнча лимиттерин айына 500 000 сомго чейин көбөйтүүгө жана аларды накталоого мүмкүндүк берет. 

Биз бүгүн мобилдик жана финансы кызматтарынын жаңы дооруна кирүүдөбүз. Биз бирдиктүү экосистеманы түздүк, ал өзүнүн ыңгайлуулугунун, ачыктыгынын жана пайдалануунун жогорку коопсуздугунун эсебинен сиздин финансы дүйнөсүндөгү ишенимдүү өнөктөшүңүз болуп калат. Сервистин азыркы мүмкүнчүлүктөрү – бул башталыш эле. Жаңы продуктылардын жана кызматтардын пайда болушу менен биз кызматтарды өркүндөтөбүз жана жаңы функционалды кошобуз.

iOS же Android үчүн электрондук капчыкты көчүрүп алуу  


Электрондук капчыктын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө төмөндөн кеңири окуңуздар: https://www.kompanion.kg/ru/retail/wallet_kompanion

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар