Урматтуу кардарлар!
Компаньон Банкы Россиядан ыкчам акча которуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. “Алтын Таажы – Акча которуулар” мобилдик тиркемеси аркылуу Банктын бардык кардарларына Компаньон Банкынан “Элкарт” төлөм карталарына акча которууга мүмкүнчүлүк тартуулайт! Айтылып жүргөндөй, убакыт – акча! Ыңгайлуулуктун жаңы деңгээли жөнөтүүчүгө смартфондон акча которууларын онлайн-режимде жасоого шарт түзүп, ал эми алуучуга аларды 24/7 банкоматтарынан нак акчага айландырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле Компаньон Банкы жагымдуу бонустарды тартуулайт – 3 000 сомдон ашык калдыктарга Компаньон Банкынын “Элкарт” картасына жылдык 3% кошуп эсептейт.
“Алтын Таажы – Акча которуулар” мобилдик тиркемесин Appstore же Google Play аркылуу жүктөп алып, пайдалануунун жөнөкөйлүгүнө жана ыңгайлуу экендигине өзүңүздөр ынаныңыздар.
Каттоо процесси менен ыкчам таанышып алышыңыздар үчүн сиздерге видео-нускаманы тартуулайбыз: