Жаңылыктар

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АМАНАТТАР ЖУМАСЫ. КОМПАНЬОН БАНКЫ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНДӨРҮН ӨТКӨРӨТ

15 10 2019

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы Кыргызстандын бардык жашоочуларына урмат көрсөтүп, 2019-жылдын 21-октябрынан 31-октябрына чейин Ачык эшиктер күндөрүнө чакырат.

Бүткүл дүйнөлүк аманаттар жумалыгын майрамдоого арналган иш чаралар “Кыялдар канат байлаганда” урааны алдында КРнын Улуттук банкынын жана Германиянын сактык кассалар Фондунун колдоосу менен Компаньон Банкынын 18 кеңсесинде бүт өлкө боюнча өткөрүлөт.

Иш чаралардын алкагында катышуучулар жеке финансылык пландаштыруу, аманат топтоо, финансы кызматтарын эстүү пайдалануу боюнча консультацияларды ала алышат. Бул демилгелердин максаты калкты аманат топтоо маданиятына үйрөтүү жана финансылык сабаттуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Октябрь айы бою банктын кызматкерлери ошондой эле окуучулар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренингдердин сериясын дагы өткөрүшөт.

Компаньон Банкы Бүткүл дүйнөлүк аманаттар жумалыгын майрамдоого жыл сайын катышат, акыркы жылы 8613 катышуучу үчүн финансылык сабаттуулук боюнча 365тен ашуун тренинг өткөрүлгөн.

Ачык эшиктер күндөрүндө келүүчүлөр үчүн банк боюнча экскурсиялар уюштурулуп, анын жүрүшүндө Компаньон Банкынын тарыхы, заманбап финансылык инструменттер жана жалпы банк системасынын өнүгүшү тууралуу маалымат алышат.

Жыл сайын 31-октябрда Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү белгиленет, бул майрам 1924-жылы Аманат банктарынын биринчи эл аралык конгресси өткөрүлүп жатканда түзүлгөн.

Бүткүл дүйнөлүк аманаттар жумалыгынын алкагында  иш чаралардын тартиби:

Бардык жаңылыктар