Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ SMART CAMPAIGN ЭЛ АРАЛЫК СЕРТИФИКАТТООНУ ТАСТЫКТАДЫ

25 10 2019

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы MicroFinanzaRating көз карандысыз рейтингдик агенттик жүргүзгөн аудиттин жүрүшүндө кардарларды коргоонун Smart Campaign  принциптерин кармануусун кезектеги жолу тастыктады. Бул сертификаттоо Компаньон Банкы микрофинансылоонун кардарларын коргоого багытталган “акылдуу аракеттерди” ишке ашырууну улантып жатканын тастыктайт жана Банк туура багытта кетип жатканын баса белгилейт. Smart Campaign башкы милдети — «Акылга сыярлык финансылоо», ал Банкка социалдык багытталгандыгын жоготпоого жана финансылык туруктуулукту сактоого жардам берет.

Акылга сыярлык финансылоо өзүнө коргоонун төмөнкү жети принцибин камтыйт:

  • тийиштүү продуктыларды жана кызматтарды иштеп чыгуу
  • ашкере карызгерликти алдын алуу
  • ачыктык
  • баа түзүүнүн жоопкердиги
  • кардарларга урматтап мамиле кылуу
  • конфиденциалдуулук
  • даттанууларды кароонун механизмдери

Компаньон Банкы Кыргыз Республикасында кардарларды коргоо принцибине ылайыктуулугун тастыктаган биринчи уюм болуп калуу менен Smart Campaign сертификатын биринчи жолу 2014-жылы алган.

Кардарлардын ишеними – биздин башкы жетишкендигибиз.  Биз кардарларыбызга биздин банктын кызматтарын тандагандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз! 

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрыңыздар: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар