Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ БҮТҮНДӨЙ ӨЛКӨ БОЮНЧА БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АМАНАТТАР ЖУМАЛЫГЫН ӨТКӨРДҮ

31 10 2019

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы бардык кардарларды Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнү менен куттуктайт, ал күн 1924-жылы Сактык банктарынын биринчи эл аралык конгрессин өткөрүү маалында белгиленген.

Бүткүл дүйнөлүк аманаттар жумалыгынын алкагында Компаньон Банкы «Бишкек Парк» СБда ФЧМК уюштурган жана КРУБ жана Германиянын Сактык кассалар фонду тарабынан демилгеленген финансы ярмаркасына активдүү катышты, анда коноктор акча сактоонун натыйжалуу методдору жөнүндө билишти, интерактивдүү викторинага катышышты жана белектерди алышты.

Бүткүл дүйнөлүк аманаттар жумалыгын майрамдоого карата иш чаралар “Кыялдар канат байлаганда” урааны алдында өттү. 400дөн ашуун конок Компаньон Банкынын бүт өлкө боюнча 18 офисинде “Ачык эшиктер күнүнө” катышышты жана жеке финансылык пландоо, аманаттарды топтоо жана финансы кызматтарынан акылга сыярлык пайдалануу боюнча консультацияларды алышты. Ошондой эле банктын кызматкерлери бүтүндөй Кыргызстан боюнча университеттердин жана колледждердин 700дөн ашуун студенттери үчүн финансылык сабаттуулук боюнча тренингдердин сериясын өткөрүштү.

Компаньон Банкы ар жылы Бүткүл дүйнөлүк аманаттар жумалыгын майрамдоого катышат, акыркы жылы 8613 катышуучу үчүн финансылык сабаттуулук боюнча 365 тренинг өткөрүлгөн.

Бул демилгелердин максаты болуп аманаттар маданиятын өнүктүрүү жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу саналат.

Бардык жаңылыктар