Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ОШ Ш. ЖАҢЫ ЫҢГАЙЛУУ ОФИС АЧТЫ

5 11 2019

Урматтуу кардарлар!

Тейлөөнүн эң жогорку стандарттарына умтулуу менен, Компаньон Банкы өз продуктыларын, кызматтарын жана жайгашууларын үзгүлтүксүз өркүндөтүүдө. Биз Ош филиалынын жаңы флагмандык офисин Курманжан Датка көч., 224А/1 дарегинде ачкандыныбыз жөнүндө жарыялоого кубанычтабыз. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Ош ш. мэриясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш чаранын коноктору филиалдын ачылышынын урматына аткарылган улуттук музыкалык номерлерди жогору баалашты, майрамдык фуршетке кошулушту жана банктын финансылык продуктылары менен таанышышты. Биз Ош ш. бардык жашоочулары менен жаңы жайгашкан жерибизде көрүшүүгө кубанычтабыз, банктын адистери сиздерге банктын кредиттик продуктылары боюнча кубануу менен консультация беришет, жогорулатылган үстөк пайыз коюмдары боюнча депозит ачуу менен акчаны кантип көбөйтүүнү айтып жана эсептешүү-кассалык тейлөө үчүн эң жакшы шарттарды тандап беришет. Жаңы офисте Компаньон Банкынын кичинекей коноктору үчүн балдар аймагын кошо алганда, ыңгайлуу тейлөө үчүн бардык зарыл нерселер каралган.  

Биз иш чаранын бардык катышуучуларына убакыт бөлүшкөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз жана жемиштүү кызматташууга үмүттөнөбүз!

Урматтоо менен,

«Компаньон Банкы» ЖАКы

Кошумча маалымат үчүн контакт-борборго кайрылыңыздар: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

 

Бардык жаңылыктар