Жаңылыктар

ЖАШЫЛ ЭКОНОМИКА ЖУМАЛЫГЫ

18 11 2019

Урматтуу кардарлар!

Жашыл экономика жумалыгынын алкагында Компаньон Банкы “жашыл” технологиялар көргөзмөсүнө катышты, анда 20 өндүрүшчү жана жабдууларды берүүчү энергиянын жаңылануучу булактарын киргизүү тармагындагы өз чечимдерин сунушташты.

Биз калктын саны өсүп жаткандыгын жана энергияга өсүп жаткан керектөө Кыргызстанда энергетика секторуна күчөп бараткан оордуктарга алып келерин, а глобалдуу алганда – климаттын өзгөрүүсүнө жана экосистемалардын балансынын бузулушуна алып келүүчү парник газдарынын чыгарылышынын негизги булактарынын бири болуп саналарын белгилегибиз келет.

Социалдык жоопкерчиликтүү финансы уюму болуу менен, Компаньон Банкы экологиялык демилгелерди колдойт жана курчап турган чөйрөнүн сакталуусуна кам көрөт.

Компаньон Банкы “Кыргызстанда туруктуу энергияны финансылоо” программасынын (KyrSEFF) алкагында грант алуу мүмкүндүгү менен кыймылсыз мүлктү жылуулоого финансылоону сунуштайт.

KYRSEFF программасынын алкагында финансылоо жөнүндө кененирээк окуңуздар.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар