Жаңылыктар

“ДУБАЙГА БАРАБЫЗ!” АКЦИЯСЫНЫН ФИНАЛДЫК ЭТАБЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ (Жеңүүчүлөрдүн тизмеси)

9 12 2019

Акча которуулар боюнча “Дубайга барабыз!” акциясынын үчүнчү финалдык этабынын жеңүүүлөрү аныкталды. Жеңүүчүлөр башкы байгелерди алышты:

3-орун - Ноутбук, 

2-орун - iPhone XS, 

1-орун – Эки адамга Дубайга саякат. 

Ноутбукту Банктын Токмок филиалында тейленген Медеров Мирлан Азимбекович утуп алды.

iPhone XSти Банктын Борбордук филиалында тейленген Асанов Касиет Маратович утуп алды.

Эки адамга Дубайга саякатты Банктын Жалал-Абад филиалынын кардары Давранов Сайпилло Саибжанович утуп алды.

Компаньон Банкы жеңүүчүлөрдү чын пейилден куттуктайт, Жаңы 2020-жылда бекем ден соолук жана гүлдөп өнүгүүнү каалайт!

Эсеп ачпастан эл аралык акча которуулар системасы боюнча “Дубайга барабыз!” акциясы 2019-жылдын 1-мартынан 30-ноябрына чейин үч этапта өткөрүлдү. Акцияга катышуу үчүн «Золотая Корона», «ЮНИСТРИМ»,  Contact жана Western Union эл аралык системалары боюнча системаларда жеткиликтүү бардык валюталарда акча которууларды ишке ашыруу зарыл болгон.

Биринчи эки этаптын жыйынтыктары боюнча, Компаньон Банкынын бүтүндөй Кыргызстан боюнча 60 кардары баалуу байгелерди – муздаткычтарды, ноутбуктарды, планшеттерди, смартфондорду жана тиричилик техникасын утуп алышты.

2020-жылы Компаньон Банкы өз кардарларын баалуу байгелери бар кызыктуу акциялар менен кубантууну улантат. Жаңылыктарга көз салып туруңуз!

 

Бардык жаңылыктар