Жаңылыктар

"Компаньон Банкы" ЖАК кардарларынын аманаттары мамлекеттин коргоосу астында

20 1 2016

2016-жылдын 16-январында «Компаньон Банкы» ЖАК Кыргыз Республикасынын аманаттарды коргоо системасынын катышуучусу болду. Мамлекеттик кепилдөө системасы калктын «Компаньон Банкы» ЖАК салынган аманаттардын корголушун камсыздандырат. Бул коргоо механизмдери Кыргыз Республикасынын «Банк аманаттарын (депозиттерин) коргоо жөнүндө» Мыйзамына жараша ишке ашырылат. Ал мыйзамга жараша, гарантиялык учурда, аманатчыларга  аманат боюнча пайыздарды кошо эсептеп, 200 миң сомго чейин компенсация төлөнөт.

«Компаньон Банкы бул системанын катышуучусу болуу менен элдин финансылык кызыкчылыктарын коргоого жардам берет. Өздөрүнүн чогулткан акчаларын Компаньонго ишенип берүү менен, биздин өлкөнүн тургундары акча каржаттарынын сакталышына жана көбөйүшүнө ишене алышат. Компаньон Банкы биздин кардарлардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан аманат продуктыларын сунуштайт», -деп «Компаньон Банкы» ЖАК Башкармалык Төрагасы Уланбек Термечиков билдирди.

Кыргыз Республикасынын аманаттарды коргоо боюнча Агенттиги белгилегендей, банк аманаттарын коргоо системасы коммерциялык банктардын аманатчыларынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын кошумча коргоого, банк системасына болгон ишеничти күчтөндүрүүгө жана калктын чогулткан акчаларын өлкөнүн банк системасына тартууга багытталган.

Эске сала кетсек, 2016-жылдын 11-январында «Банк Компаньон Банкы» ЖАК Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынан улуттук жана чет элдик валюталарда  банктык операцияларды жүргүзүү боюнча лицензиясын алган.  Банктын көптөгөн филиалдары бар. Банк бул филиалдары аркылуу өлкөнүн эң ыраактагы тургундары үчүн бизнес өнүктүрүү боюнча банк продуктыларын жана кызматтары менен камсыз кылат. Азыркы күндө, бүткүл өлкө боюнча, Компаньон Банкынын 113 000 кардары, 900 кызматкери, 100 дөн ашык филиалдары жана и сактык кассалары бар. 

Бардык жаңылыктар