Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ШТАТТЫК РЕЖИМДЕ ИШТЕЙТ

19 3 2020

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы Кыргызстан боюнча жүздөн ашуун бөлүмү бар социалдык-жоопкерчиликтүү финансылык институт катары COVID-19 вирусуна байланыштуу өлкөдөгү абалды кунт коюу менен байкап, бардык бөлүмдөрүндө алдын-алуу чараларын көрүп жатат. Кеңселерде санитардык тазалоо аракеттерин күчөтүлдү. Банктын кызматкерлери медициналдык маска жана дезинфициялоочу каражаттар менен камсыз болду.

Учурда Компаньон Банкынын бардык кеңселери дүйшөмбүдөн жумага чейин сизге көнүмүш режимде иштеп жатат. Түшкү тыныгуу 12:00дөн 13:00гө чейин.

Бардык эсептер кардар мурда кайсы кеңсенин кызматын пайдаланып жүргөнүнө карабай,  өлкө аймагындагы баардык кеңселерде тейлене берет. Мындан тышкары кардарлар Кардарларды Колдоо Кызматынан бул номерлер аркылуу маалымат алса болот: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Айта кетчү жагдай, “Компаньон Банкы” ЖАКынын бардык депозиттери коргоодо жана Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан камсыздандырылган. Ал эми бир миллиард сомдон ашык уставдык капиталы бар  Компаньон Банк түзүлгөн экономикалык кырдаалда финансылык туруктуулук боюнча кепилдик берет.

Компаньон Банкынын кардарлары акча каражаттарынын сактыгы боюнча кам санабаса болот.

Компаньон Банкы  24/7 режиминде банктын бардык жетиликтүү дистанттык сервистерин пайдаланууну сунуштайт:

-эсептерди, депозиттерди, карталарды толуктоо жана кредиттер үчүн төлөө (башка банктардан жана МККлардан алынган кредиттер үчүн төлөө мумкүн)

-айып пул үчүн төлөө

-коммуналдык кызмат, мобилдик байланыш, интернет жана мектеп үчүн төлөө

-Россияда чыгарылган VISA, MasterCard жана МИР карталарын толуктоо

-Россияга QIWI капчыгына акча которуу

-КРнын башка капчыктарына акча которуулар жана башка 300+ кызматтар үчүн төлөө

-Онлайн-төлөмдөр жана өнөктөш DemirBank банкоматтары аркылуу накталай акча алуу

-Россиядан Сбербанк Онлайн жана Золотая Корона тиркемелери аркылуу Компаньон Банкынын картасына акча которуу

- эсептерди, депозиттерди, карталарды толуктоо жана кредиттер үчүн төлөө (башка банктардан жана МККлардан алынган кредиттер үчүн төлөө мумкүн)

 -Дүйнөнүн каалаган банкындагы юридикалык жана жеке кардарларнын эсебине акча которуулар

- айып пул жана салыктар үчүн төлөө

- коммуналдык кызмат, мобилдик байланыш, интернет, мектеп жана башка 300+ кызматтар үчүн төлөө

- электрондук капчыктарды, эсептерди, депозиттерди, карталарды толуктоо жана кредиттер үчүн төлөө (башка банктардан жана МККлардан алынган кредиттер үчүн төлөө мумкүн)

- коммуналдык кызмат, мобилдик байланыш, интернет, мектепке жана башка 500+ кызматтар үчүн төлөө

-кредит алуу үчүн онлайн-тапшырык

-төлөө карталарын ачтыруу үчүн онлайн-тапшырык

-аманат ачтыруу үчүн онлайн-тапшырык

-орнотулган чаттар аркылуу онлайн-кеңеш алуу (ошондой эле WhatsApp, Facebook messenger, Instagram Direct)

Өзүңөргө жана жакыныңарга кам көргүлө!

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар