Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ӨЗ КАРДАРЛАРЫНА КОЛДОО ИРЕТИНДЕ КРЕДИТТЕР БОЮНЧА ЖЕҢИЛДИКТЕРДИ БЕРЕТ

20 3 2020

Социалдык-жоопкерчиликтүү финансылык кызматтарды аткарып, Компаньон Банкы кардарлары менен узак мөөнөткө созулган, ишеним, сый жана чынчылдыктын негизинде түзүлгөн өнөктөштүк мамилени көздөйт. 

COVID-19 пандемиясынын глобалдык масштабын жана анын өлкөдөгү экономикалык автивдүүлүккө тийгизген таасирин эске алып,  Компаньон Банкы коронавирус көйгөйүнөн улам финансылык чыгымдарга учураган кыргызстандык ишкерлерге колдоо көрсөтөт. Компаньон Банкы кредит боюнча төлөм шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Кайра карап чыгуу боюнча бардык арыздар жеке түрдө каралат жана кредиттик субъекттердин финансылык жүктөмдөрүн жеңилдетүү үчүн дыкат анализ жүргүзүлөт .

Кредиттик шарттарды кайра карап чыгуу үчүн жеке арыз менен кайрылуу зарыл.

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды Колдоо Кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар