Жаңылыктар

Жаңыланып турат: КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН ӨЗГӨЧӨ АБАЛ УЧУРУНДАГЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

26 3 2020

Баракча жаңы маалымат болгон сайын жаңыланып турат

Урматтуу кардарлар!

Кыргыз Республиккасынын аймагында 2020-жылдын 25-мартынан тарта COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу максатында өзгөчө абал жарыяланды. 

Компаньон Банкы бул учурда ишкерлерге жана жеке тараптарга бардык финансылык кызматтарды көрсөтүү боюнча ишмердүүлүгүн уланта бермекчи. Банктын бардын бөлүмдөрү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздалган жана күчөтүлгөн санитардык тазалоодон өтүп жатат.

Маанилүү: КРнын айрым региондорунда чектөөлөр киргизилген себебинен, Компаньон Банкы жарандардга Банкка келерде кыймыл тартип эрежелерин сактап, жана Маршрут-анкеталарды колдонууну сунуштайт. Эгер сиз Бишкекте, Ошто, Жалал-Абатта, Ноокатта, Ош облусунун Кара-Суу районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жашасаңыз, Маршрут-анкеталарды колдонуу зарылчылыгын билдиребиз.

Ден соолугуңуздун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жеке коргонуу каражаттарды колдонууну унутпаңыз.

БАНКТЫН ИШТӨӨ РЕЖИМИ

Банктын карантин зонасында жайгашкан кеңселеринен тышкары (айрым эл жаранган аймактар, базарлар, соода борборлору, имараттар) бүт бөлүмдөр кардарлар үчүн жеткиликтүү. Мурда бул бөлүмдөрдүн кызматын пайдаланып жүргөн кардарлар жакын арада жайгашкан кеңселерге кайрылып, же дистанциондук кызматтар аркылуу тейленсе болот. Жакын арада жайгашкан кеңселерибиз жана алардын иштөө графиги жөнүндө маалыматты Банктын расмий сайтынан (www.kompanion.kg) же болбосо Кардарларды колдоо кызматынын төмөнкү номерлерине чалып биле аласыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунун номерлеринен чалуу акысыз)

Карантин учурунда убактылуу жабылган офистердин тизмесин жана бөлүмдөрдүн иш тартиби тууралуу кененирээк маалымат билүү.

БАНКТЫН КЫЗМАТТАРЫ 

Сиздерге ыңгай түзүп жана социалдык байланыштарды азайтуу максатында Компаньон Банкынын кардарларга жеткиликтүү дистанциондук кызматтарын 24/7 режиминде пайдаланууну сунуштайт:

-эсептерди, депозиттерди, карталарды толуктоо жана кредиттер үчүн төлөө (башка банктардан жана МККлардан алынган кредиттер үчүн төлөө мумкүн)
-айып пул үчүн төлөө
-коммуналдык кызмат, мобилдик байланыш, интернет жана мектеп үчүн төлөө
-Россияда чыгарылган VISA, MasterCard жана МИР карталарын толуктоо
-QIWI Россия капчыгын толуктоо
-КРнын башка капчыктарын толуктоо жана башка 300+ кызматтар үчүн төлөө

-Онлайн-төлөмдөр жана өнөктөш DemirBank банкоматтары аркылуу накталай акча алуу
-Россиядан Сбербанк Онлайн жана Золотая Корона тиркемелери аркылуу Компаньон Банкынын картасына акча которуу

- депозиттеги/эсептеги калдык акчаларды жана кошулган пайыздарды кароо
-эсептерди, депозиттерди, карталарды толуктоо жана кредиттер үчүн төлөө (башка банктардан жана МККлардан алынган кредиттер үчүн төлөө мумкүн)
-дүйнөнүн каалаган банкындагы юридикалык жана жеке кардарларнын эсебине акча которуулар
-картага өткөрүү жана банкомат аркылуу нак акча алуу жолу менен  интернет банкингдеги депозитти жабуу
-айып пул жана салыктар үчүн төлөө
-коммуналдык кызмат, мобилдик байланыш, интернет, мектеп жана башка 300+ кызматтар үчүн төлөө

-электрондук капчыктарды, эсептерди, депозиттерди, карталарды толуктоо жана кредиттер үчүн төлөө (башка банктардан жана МККлардан алынган кредиттер үчүн төлөө мумкүн)
-коммуналдык кызмат, мобилдик байланыш, интернет, мектепке жана башка 500+ кызматтар үчүн төлөө

-кредит алуу үчүн онлайн-тапшырык
-төлөө карталарын ачтыруу үчүн онлайн-тапшырык
-аманат ачтыруу үчүн онлайн-тапшырык
-орнотулган чаттар аркылуу онлайн-кеңеш алуу (ошондой эле WhatsApp, Facebook messenger, Instagram Direct)

 КРЕДИТТИК КАРДАРЛАРГА

Төлөөлөр боюнча шарттарды карап чыгуу мүмкүнчүлүгү:

COVID-19 пандемиясынын глобалдык масштабын жана анын өлкөдөгү экономикалык автивдүүлүккө тийгизген таасирин эске алып,  Компаньон Банкы коронавирус көйгөйүнөн улам финансылык чыгымдарга учураган кыргызстандык ишкерлерге колдоо көрсөтөт. Компаньон Банкы кредит боюнча төлөм шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Кайра карап чыгуу боюнча бардык арыздар жеке түрдө каралат жана кредиттик субъекттердин финансылык жүктөмдөрүн жеңилдетүү үчүн дыкат анализ жүргүзүлөт .

Кредиттик шарттарды кайра карап чыгуу үчүн жеке арыз менен банк бөлүмүнө же Кардарларды колдоо кызматынан номерине WhatsApp аркылуу кайрылуу зарыл.

WhatsApp аркылуу кайрылууда сөзсүз кардардын аты-жөнү, паспортунун көчүрмөсү жана учурда актуалдуу телефон номуру көрсөтүлөт. Кардарларды колдоо кызматынан номери 0770 33 88 00.

Кредит үчүн төлөө жолдору

  • Компаньондун электрондук капчыгы:

-Кредитти төлөө үчүн капчыкты идентификациялоо талап кылынбайт. Болгону  Play Market/AppStore аркылуу капчыкты көчүрүп, Кредиттер>>Кредит төлөө бөлүгүгө (чектөө 1 которууга 1 000 сом, бардыгы 15 000 сом) кредиттин номерин жазасыз. 
-Эгер кардар төлөө графигин, суммасын жана кредиттик эсебинин номурун көрөм десе, идентификация өтүүсү керек. Ал үчүн Тууралоо (Настройки) >>> Персоналдык маалымат >>>> Онлайн идентификация өтүү >>>> СИН (ИНН) жана паспорттун номерлерин киргизүү >>>>Паспорттогу сүрөттүү тиркөө (персоналдык маалыматтар төп келген учурда дистанциондук түрдө идентификациялоо ишке ашат же адис сиз менен тактоолор үчүн байланышат).

  • Төлөм терминалдары:

-Pay 24: комиссия 2,5%
-Quickpay/Мегаком: комиссия 2%
-UMAI: 1,5%
-О! (Terem Pay төлөө терминалдарынан тышкары): 1,5%

  • Элкарт Мобайл:

-ЭЛKАРТ картаңыз болсо, сиз аны ЭЛКАРТ тиркемесине байлап, кредитти акысыз төлөсөңүз болот

  • О!Деньги капчыгы:

-Кредит төлөө: комиссия 1,5%

ДЕПОЗИТТИК КАРДАРЛАРГА 

Компаньон Банкы кардарларынын акча каражаттарынын сактыгына жана коопсуздугуна, ошондой эле кардарларынын алдындагы милдеттенмелеринин толук аткарылышына, анын ичинде аманаттар боюнча пайыздарды ар бир кардарына келишимге ылайык төлөп берүүгө кепилдик берет. Компаньон Банктагы бардык аманаттар коргоого алынып Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан камсыздалган. Бир миллиард сомдон ашык уставдык капиталы бар Компаньон Банкы түзүлгөн экономикалык кырдаалда финансылык туруктуулук боюнча кепилдик берет.

 

Банктын кардарына каалаган учурунда жеке каражаттарын көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк берген  дистанциондук 24/7 кызматтар иштөөдө:  

  • Компаньон капчыгы – биздин капчыкты кошуп алуу менен сиз депозитиңиздин коопсуздугуна шек санабай эле кое аласыз. Электрондук капчыкта эсептин/депозиттин кыймылын, бөлүнгөн пайыздарды өзүңүз башкарып, депозитти толуктай аласыз.  
  • Интернет/Мобилдик банкинг – депозитти кароо жана толуктоодон  тышкары операцияларды аткаруу үчүн сунуштайбыз: 

- телефон аркылуу депозитиңиздин сактыгын/өлчөмүн текшере аласыз;  

- эсеп/депозит боюнча көчүрмө алуу;   

- өз алдыңызча картага депозиттен түшкөн пайыздарды которуп, чыгарып алуу; 

зарыл болгон учурда интернет/мобилдик банкингдеги депозитти жаабуу; 

депозиттеги акчаны банкомат аркылуу алуукартага алдын ала өз алдынча которуп алуу. 

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрүнө 8:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрүнө 09:00 баштап 17:00 чейин кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

marketing@kompanion.kg

Аталышы 

Дареги 

Бишкек шаары 

"Берекет Гранд" сактык кассасы № 053-17-99 

(21.03.2020 баштап) 

Чүй проспектиси, 204 ("Берекет Гранд" соода борбору) 

"Евразия" сактык кассасы № 053-17-102 

(с 19.03.2020) 

Киев көчөсү, 62 («Евразия” соода борбору) 

 "Шымкент" сактык кассасы № 053-17-104 

(23.03.2020 баштап) 

Кожевенная көчөсү, 1 

«Дордой» сактык кассасы № 053-16-50 

 (23.03.2020 баштап) 

Кожевенная көчөсү, 73 

Ош шаары: 

 "Курманжан Датка" сактык кассасы № 053-05-28 

(23.03.2020 баштап) 

Кара-Суу көчөсү, 22/1Б 

Ноокат облусу: 

"Жаңы-Базар" сактык кассасы № 053-05-29 

(23.03.2020 баштап) 

Жаңы-Базар айылы 

Исфана шаары 

"Исфана-2" сактык кассасы №053-11-103 

(с 23.03.2020 баштап) 

Додосьян көчөсү, 49 

Нарын шаары 

 "Нарын-Береке" сактык кассасы № 053-01-101

(23.03.2020 баштап)

Сагымбай Орозбак уулу көчөсү, 46а

Бардык жаңылыктар