Жаңылыктар

КРЕДИТ БОЮНЧА ТӨЛӨМДӨРДҮН ШАРТТАРЫН КАЙРА КАРАП ЧЫГУУ ТАРТИБИ

31 3 2020

COVID-19 пандемиясынын глобалдык масштабын жана анын өлкөдөгү экономикалык автивдүүлүккө тийгизген таасирин эске алып,  Компаньон Банкы коронавирус көйгөйүнөн улам финансылык чыгымдарга учураган кардарларга кредиттер боюнча төлөмдөрдүн шарттарын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Шарттарды кайра карап чыгуу арыздардын баары кредит алуучунун финансылык  абалын жеңилдетүү боюнча чараларды көрүү үчүн кылдат иликтөөгө алынып жеке иретинде каралат.

Кредиттик келишимдин шарттарын кайра карап чыгуу үчүн Банктын кеңселерине келип арыз жазуу же болбосо аны Кардарларды колдоо кызматынын +996 770 338 800 WhatsApp номерине жиберүү зарыл.

Арызды сиз кредит алган филиалдын директорунун атына эркин формада жазуу болот. Ыңгайлуулук үчүн ДАЯР ШАБЛОНДУ колдонуңуз.

Арызда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү тийиш: 

  • Аты-жөнүңүз
  • Учурда жашап жаткан дарегиңиз
  • Байланыш телефон номериңиз
  • Жеңилдетүүнү өтүнүп жаткандыгынын себеби
  • Кредиттин өтүнүп жаткан жаңы шарттары
  • Арызды берүү күнү
  • Коюлган кол тамгаңыз

Арыздын жана паспортуңуздун сүрөттөрүн Кардарларды колдоо кызматынын +996 770 338 800 WhatsApp номерине жөнөтүү ыктымал.

Сизге ыңгай түзүп жана социалдык байланыштарды чектөө максатында Компаньон Банкынын кардарларына 24/7 режиминде жеткиликтүү аралыктан тейлөө кызматтарын пайдаланууну сунуштайбыз.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).



Бардык жаңылыктар