Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ COVID-19 МЕНЕН КҮРӨШҮ ҮЧҮН ЭКИ МИЛЛИОН СОМ БӨЛДУ

1 4 2020

Компаньон Банкы COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөшүү үчүн эки миллион сом бөлдү. Кайрымдуулук каражаттары Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий эсебине которулду.

Компаньон Банкынын кызматкерлери өз кезегинде бул демилгени колдошту жана бир күндүк эмгек акы көлөмүндө ыктыярдуу кайрымдуулук чогулта башташты. Кызматкерлер тарабынан бөлүнгөн каражаттар калктын аялуу топторун колдоого жумшалат.

Ишкерлердин, өкмөттүн жана Кыргызстандын калкынын өз убагында биргелешкен аракеттердин натыйжасында биз жакында пандемиядан жеңип, өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн жана жаркын келечек ачыла турганына ишенебиз.

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрүнө 8:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрүнө 09:00 баштап 17:00 чейин кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).


Бардык жаңылыктар