Жаңылыктар

БАНК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН ЖАНА КАРДАРЛАРДЫН КООПСУЗДУГУН КАНТИП КАМСЫЗ КЫЛУУДА?

3 4 2020

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы бизнес менен жеке адамдар муктаж болуп жаткан бардык финансылык кызматтарды көрсөтүп, өз ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө. Кызматкерлердин жана кардарлардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Банк бардык алдын алуу чараларды көрүп жатат:

Банктын бөлүмдөрү*

  • Банктын бардык бөлүмдөрүндө күчөтүлгөн санитардык тазалоо иштери жүргүзүлөт: жайларды күнүнө кеминде 2 ирет нымдуу тазалоо жана дезинфекциялоо, жумасына бир ирет жумуш эмес убагында кеңселердеги кардарлар зонасын санитардык-эпидемиологиялык кызматтар тарабынан толук дезинфекциялоо.
  • Бардык кеңселер дезинфекциялоочу суюктуктар менен камсыздалган, алар кире бериште орнотулган.
  • Банктын аралыкта орнотулган жабдуулары (банкоматтары, терминалдары) туруктуу негизде санитардык тазалоодон өтүшөт. Банкоматтарда аларды колдонуудан мурун жана андан кийин колду тазалоо үчүн дезинфекциялоочу каражаттар бар.

Банктын кардарлары

  • Банк адамдардын топтолушуна жол бербөө үчүн жана кардарлар менен кызматкерлердин ортосундагы керектүү аралыкты сактоо үчүн кардарлардын жайлардагы тартибин жана санын аныктады.
  • Банктын кеңселерине өздүк коргонуу каражаттары жок кардарларга кирүүгө уруксат берилбейт. Кардарда медициналык беткап жок болгон учурда ал Банк тарабынан берилет. Банктын бардык кардарлары кире бериште колун дезинфекциялоочу заттар менен тазалоого жана өзгөчө кырдаал киргизилген аймактарда дене температурасын өлчөөгө тийиш.

Банктын кызматкерлери

  • Инфекцияны жуктуруу жана жайылыш тобокелчилигин алдын алуу максатында Банк кызматкерлеринин максималдуу саны аралыктан иштөөгө которулду.
  • Кардарларды тейлеген жана аралыктан иштөөгө мүмкүчүлүгү жок кызматкерлер өздүк коргонуу каражаттары жана транспорт менен камсыздалган.
  • Кызматкерлерди ташуучу унаалар санитардык тазалоодон өтүп турушат.

*Бөлүмдөрдүн иш убактысын көрүү

Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).


Бардык жаңылыктар