Ураматтуу кардарлар!
Компаньон Банкы аманаттар боюнча пайыздык чендердин көбөйтүлгөндүгү тууралуу маалымдайт:
- «Мөөнөтүү» аманат жеке жактар үчүн
- «Мөөнөтүү» аманат юридикалык жактар үчүн
- «Пенсиялык» аманат жеке жактар үчүн
- «Топтолуучу» аманат жеке жактар үчүн
Эми, аманаттарга каражаттарды салуу менен, кардарлар жылына 13%га чейин сом менен кепилденген кошумча киреше ала алышат.
Жаңы шарттар 2020-жылдын 11-майынан тартып күчүнө кирет.
Компаньон Банкында бардык аманаттар коргоого алынып, Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан камсыздалган.
Банктын кардарына каалаган учурунда жеке каражаттарын көзөмөлдөп турууга мүмкүндүк берген дистанциондук 24/7 кызматтар иштөөдө:
- Компаньон капчыгы – биздин капчыкты кошуп алуу менен сиз депозитиңиздин коопсуздугуна шек санабай эле кое аласыз. Электрондук капчыкта эсептин/депозиттин кыймылын, бөлүнгөн пайыздарды өзүңүз башкарып, депозитти толуктай аласыз
- Интернет/Мобилдик банкинг – аманатты кароо жана толуктоодон тышкары операцияларды аткаруу үчүн сунуштайбыз:
- эсеп/аманат боюнча көчүрмө алуу;
- өз алдыңызча картага амнаттан түшкөн пайыздарды которуп, чыгарып алуу;
- зарыл болгон учурда интернет/мобилдик банкингдеги аманатты жаабуу;
- аманаттагы акчаны банкомат аркылуу алуу, картага алдын ала өз алдынча которуп алуу.
Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрүнө 8:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрүнө 09:00 баштап 17:00 чейин кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).