Жаңылыктар

Уланбек Термечиков: Кыргызстандын экономикасы кризистен мурдагы деңгээлге кайрадан көтөрүлүүдө.

27 7 2016

«Кыргызстандын экономикасы кризистен мурдагы деңгээлге кайрадан көтөрүлүүдө», - деп бүгүн ЭИК финансылык рынок комитетинин төрагасы Уланбек Термечиков тегерек стол чогулушунда билдирди.

 Анын айтышы боюнча, республика валюталык рыноктордогу туруксуздук мезгилин ийгиликтүү өттү. «Кыргызстан – улуттук валютанын күчтөнүшүн көрсөткөн аз өлкөлөрдүн бири. Бул эң жаман заман артта калды дегенди билдирбейт, бирок биздин көйгөйлөрдү чече ала тургандыгыбызды көрсөтөт. Биз экономиканын кайра куруусу болуп өттү деп айта алабыз. Биз жаңы товарлардын агымына көнүп, кризистен мурдагы деңгээлге кайра келдик», - деп Уланбек Термечиков айтты.

 Экономиканын өсүшү үчүн чет элдик инвестициялар керек деп ал кошумчалады. «Орусияга каршы киргизилген, финансылык агымдарды которуу боюнча санкциялардын убагында, чет элдик банктар корреспонденттик эсептерди ачуу шарттарын киргизип жатышат. Бул Кыргызстанга да тиешелүү. Кээ бир банктар бизди өнөктөш катары такыр карашбайт. Биз операцияларды Орусиянын финансылык уюмдары аркылуу ишке ашырууга мажбурбуз. Бул кээ бир рисктерди жаратат», - деп Уланбек Термечиков белгиледи.

 Булак:  ИА "24.kg"

Автор: Юлия Костенко

Бардык жаңылыктар