Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КЫЗМАТКЕРИНИН COVID-19 ТЕСТИНИН ОҢ ЖЫЙЫНТЫГЫ

29 6 2020

2020 жылдын 28-июнунда “Компаньон Банкы” ЖАКынын Жалал-Абад филиалына караштуу “Кенч” сактык кассасынын кызматкеринин COVID-19 анализинин оң жыйынтыгы аныкталгандыгы тууралуу маалымдайбыз.

Банкта коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча бир катар алдын-алуу чаралар колдонулууда. Иштелип чыккан эрежелерге ылайык сактык кассанын кызматкери Банктын жетекчилигине COVID-19 анализинин оң жыйынтыгы тастыкталгандыгы тууралуу кечиктирбестен билдирген.

22 июндан тарта кызматкер эмгек эргүүдө болгон. Эмгек эргүү учурунда инфекция жугузууга шектүү болгон адам менен байланыш болгондугу аныкталган. Бул фактынын аныкталышы менен кызматкер тез арада медициналык тез жардамга кайрылып, тийиштүү анализдерди тапшырып, тийиштүү мамлекеттик органдарга маалымдаган. Азыркы учурда кызматкер тийиштүү кызматтардын көзөмөлү менен даарыланууда. Байланышта болгон кызматкерлердин бары санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана инкубациялык мезгилге ылайык изоляцияда. Аталган сактык кассанын курамы толугу менен жаңы курамга алмаштырылган. Кеңседе тийиштүү кызматтар тарабынан санитардык тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: өзгөчө абалды жана өзгөчө кырдаал режимин киргизген учурдан тартып Компаньон Банкы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин талаптарын аткарып келүүдө, атап айтканда, кеңселеринде үзгүлтүксүз түрдө санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп, кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылып, алардын дене температурасын өлчөп жана башка чараларды көрүп келе жатат. Компаньон Банкынын бөлүмдөрүндө беткап тагынуунун, колдордун гигиенасын жана социалдык аралыкты сактоонун зарылдыгы жөнүндө маалыматтык такталар орнотулган. Банктын башкы кеңсесинин кызматкерлеринин 90% 16 марттан тарта аралыктан иштеп жатышат. Мындан тышкары, Банк кардарларына жана кызматкерлерине коронавирус оорусун алдын алуу боюнча зарыл чаралары жөнүндө активдүү маалымдап, аларды кеңселердин кире беришинде дезинфекциялык заттар менен камсыз кылып жатат.

Тилекке каршы, учурдагы колдонулуп жаткан ыкмалар коронавирустук инфекциядан 100-пайыздык коргоого кепилдик бербейт, бирок жуктуруу тобокелдигин бир кыйла төмөндөтөт. Ушуга байланыштуу Банк инфекциядан коргонуу боюнча сунушталган бардык чараларды колдонуу зарылдыгына көңүл бурат жана аларды четке какпоого чакырат.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар