Жаңылыктар

COVID-19 ЖАЙЫЛЫШЫНА КАРШЫ АЛДЫН АЛУУЧУ ЧАРАЛАР

15 7 2020

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкы жеке жана юридикалык жактарга кызмат көрсөтүүлөрүн кеңселеринде, ошондой эле аралыктан тейлөө каналдары аркылуу сунуштап, үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Банктын филиалдарынын тизмеси жана иштөө убактысы менен таанышуу
Дистанттык каналдарынын тизмесин көрүү

Банкта бир катар алдын-алуу чаралар колдонулууда, аларга ылайык Банктын кызматкерлери COVID-19 вирустук инфекциясынын жайылышына жол бербөө боюнча иштелип чыккан алгоритминин негизинде аракеттенип, алдын алуу эрежелерин сактап келе жатышат. Өзгөчө абалды жана өзгөчө кырдаал режимин киргизген учурдан тартып Банктын бардык кеңселеринде күн сайын санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Банк кызматкерлерин жеке коргонуу каражаттары менен камсыздап, алардын дене табын күндө өлчөп, кеңселердин кире беришинде кардарлардын колдорун дезинфекциялык заттар менен тазалоону камсыз кылып жатат. Банктын башкы кеңсесинде иштеген кызматкерлердин 90 пайызы, ошондой эле филиалдардагы милдеттерин аралыктан аткаруу мүмкүнчүлүгү бар кызматкерлери 2020-жылдын 16-мартынан тартып аралыктан иштеп жатышат.

Кызматкерде анализинин оң жыйынтыгы тастыкталган жана/же илдет жуккан адамдар менен байланышы болгон учурда ал дароо үй изоляциясына жиберилет, оорунун инкубациялык мезгилин эске алуу менен тийиштүү дарылануудан өтөт. Ошол эле учурда имараттын ичинде санитардык-эпидемиологиялык кызматтар тарабынан дароо дезинфекция иштери жүргүзүлөт, ал кызматкер менен иштеген кесиптештери башка курамдагы кызматкерлер менен алмаштырылат.

Компаньон Банкы кардарларын жана кызматкерлерин коронавирустук инфекцияны алдын алуу боюнча зарыл чаралар тууралуу активдүү түрдө маалымдап жатат. Тилекке каршы, учурдагы колдонулуп жаткан ыкмалар коронавирустук инфекциядан 100-пайыздык коргоого кепилдик бербейт, бирок жуктуруу тобокелдигин бир кыйла төмөндөтөт. Ушуга байланыштуу Компаньон Банкы инфекциядан коргонуу боюнча сунушталган бардык чараларды колдонуу зарылдыгына көңүл бурат жана аларды четке какпоого чакырат.

•Пандемия учурунда Банктын кайрымдуулук иштери жана Банктын кызматкерлеринин COVID-19 менен күрөшүү демилгелери боюнча маалымат

Кошумча маалымат үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрүнө 8:00 баштап 20:00 чейин жана дем алыш күндөрүнө 09:00 баштап 17:00 чейин кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).


Бардык жаңылыктар