Жаңылыктар

Компаньон Банкы эл аралык акча которуу системаларын баштады.

4 8 2016

«Компаньон Банкы» ЖАК кардарлар үчүн банк кызматтарынын спектрин кеңейтүүнү улантууда. Эми банктын бардык филиалдары жана сактык кассаларында эл аралык Золотая Корона, Contact жана SWIFT системалары боюнча акча которсо болот.  

Аны менен бирге, жыл башынан бери «Биздин Компаньон» системасы ишке киргизилген. Бул система өлкө ичинде эсеп ачпастан акча которуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Бир канча акча которуу системалары жана банктын көптөгөн филиалдарынын тармагы Компаньондун кардарларына Кыргызстандын территорясы боюнча жана андан тышкары аймактарга, физикалык жана юридикалык жактар үчүн, эсеп ачып жана эсеп ачпастан, улуттук жана чет элдик валютада тез жана ишенимдүү түрдө акча которуу мүмкүнчүлүгүн берет.

Акча которуу операторлорунун негизги артыкчылыктары:

  • Ийкемдүүлүк. Улуттук жана чет элдик валютада акча которуу мүмкүнчүлүгү.
  • Пайдасы. Акча которуу үчүн төмөн комиссия.
  • Ыкчамдуулук. Өтө тез жеткизүү.
  • Жеткиликтүү. Өлкө боюнча көптөгөн филиалдардын тармагы.
  • Жөнөкөйлүк. Эсеп ачпастан, акча которуу же акча котормосун алуу үчүн ким экендигин күбөлөндүргөн документ жетиштүү.
  • Ишенимдүүлүк. Банк акча каражаттарынын сактыгы үчүн кепил болот.

Бардык жаңылыктар