Жаңылыктар

Кыргызстанга Россия жана Казахстандан комиссиясыз кантип акча-каражаттарды которууга болот?

28 7 2020

Эми Компаньон Банкы тарабынан чыгарылган “Кошелек Компаньон” электрондук капчыгынын колдонуучулары Россия жана Казахстандагы QIWI Кошелек жана QIWI терминалдары аркылуу жөнөтүлгөн ылдам акча которууларды комиссиясыз ала алышат.

 

Банктын бөлүмүнө кайрылбастан, социалдык байланыштарды азайтуу менен бирге колдонуучулар Компаньон электрондук капчыгын Россия жана Казахстандагы QIWI Кошелёк жана QIWI терминалдары аркылуу толуктай алат жана финансылык операциялар күнү-түнү жеткиликтүү болот.  

Жаңы санарип мүмкүнчлүктөр убактыңызды үнөмдөйт, толуктоонун жөнөкөйлүгү жана ылдамдгы жагымдуу тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзөт. Бул үчүн жөн гана Google Play жана AppStore тармактарынан Кошелек Компаньон (акча алуучу тарапка) жана QIWI Кошелёк (жөнөтүүчү тарапка) тиркемелирин көчүрүп, идентификациялоодон өтүү керек.  

Россия жана Казахстандагы QIWI Кошелёк жана QIWI Терминалдары аркылуу Кошелек Компаньонду кантип толуктоого болот?

1. QIWI капчыгынын же/жана терминалынын башкы бетиндеги «Платежи и переводы» бөлүмүн тандаңыз, же болбосо издөө бөлүмүнө “Компаньон” деп жазыңыз;

2. Андан кийин «Переводы между кошельками» баскычын тандаңыз


3. Ылдый өтүп, «Пополнение Кошелька Компаньон» баскычын табыңыз;

4. Капчыктын номурун жана сумманы жазыңыз;


5. Төлөмдүн түрүн тандаңыз:

  • QIWI Кошелёк аркылуу төлөөдө – капчыктын же банктык картанын балансынан;

  • QIWI терминал аркылуу төлөөдө – капчыктын, банктык картанын балансынан же болбосо накталай.

Кошелек Компаньон капчыгын толуктоо кызматы бекер жана комиссиянын өлчөмүз - 0% түзөт. Конвертация учурдагы банктын курсуна жараша болот.

Акча которуунун максималдуу суммасы:

Бир күндө - 100 000 рубль, бир айда - 200 000 рубль.

КОШЕЛЕК КОМПАНЬОН ТУУРАЛУУ КЕНЕНИРЭЭК 

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунан чалуу акысыз) же болбосо банктын расмий сайтына кириңиз www.kompanion.kg.

Бардык жаңылыктар