Жаңылыктар

МААНИЛҮҮ: 1-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН ЭЛЕКТРОНДУК КАПЧЫГЫҢЫЗДЫН ИДЕНФИКАЦИЯСЫН ӨТҮҢҮЗ

17 9 2020

Урматтуу кардарлар!

"Компаньон Банкы" ЖАК электрондук капчыктардын идентификациялоо зарылдыгы жөнүндө билдирет.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын токтомуна ылайык, идентификациялоону өтпөгөн электрондук капчыктарды колдонуу 2020-жылдын 1-октябрынан баштап мүмкүн болбойт.

«Кошелек Компаньон» электрондук капчыгынын колдонуучуларына ыңгайлуу болушу үчүн, Компаньон Банкы онлайн режиминде идентификациялоо жана  бүткүл Кыргызстан боюнча 105 кеңсесинин биринде идентификацилоо мүмкүнчүлүгүн ачат.

Электрондук капчыкты онлайн жана оффлайн идентификациялоонун айырмасы эмнеде жана идентификациядан өткөндөн кийин колдонуучулар кандай артыкчылыктарга ээ болушат?

«Кошелек Компаньон» тиркемеси аркылуу онлайн-идентификация

Банктын кеңселери аркылуу толук идентификация

Капчыктагы максималдуу калдык  

30 000 сом

Капчыктагы максималдуу калдык  

6 000 000 сом 

Бир айлык төлөмдөрдүн максималдуу көломү

30 000 сом

  

Бир айлык төлөмдөрдүн максималдуу көломү

6 000 000 сом

Бир транзакцияга чектөө суммасы  

15 000 сом

Бир транзакцияга чектөө суммасы  

200 000 сом 

Төмондөгү кызматтар жеткиликтүү эмес:

-Россиянын Visa, Master, МИР карталарын толуктоо

-QIWI капчыгын толуктоо (КР, РФ, КЗ, УЗ, Украина)

-Насыя алуу

-Элсом, О!Деньги, BalanceKg, Megapay капчыктарына акча которуулар

Акча которуу жана төлөмдөргө чектөө жок

  • Онлайн-идентификациялоону кантип өтүүгө болот?

Электрондук капчыктын ээси мобилдик тиркеме аркылуу (“Орнотуу” бөлүгүндө >>> “Персоналдык маалымат” >>> “Онлайн-идентификациялоодон өтүү”) онлайн идентификацилоодон өтсө болот. 

  • Банктын кеңселеринде идентификациялоодон кантип өтүүгө болот?

Электрондук капчыктын ээси Компаньон Банкынын каалаган бөлүмүнө кайрылса болот. Мында өзүндө паспорту болуу тийиш. Толук идентификацилоодон өтүү электрондук капчыктын бардык кызматтарын чексиз колдонууга мүмкүндүк түзөт.

Компаньон электрондук капчыкты жүктөп алуу

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.

 

Бардык жаңылыктар