Жаңылыктар

КР Мамлекеттик Каржылоо Чалгындоо Кызматы Компаньон Банкынын коллективине ыраазычылыгын билдирди

10 8 2016

2016-жылдын 8-августунда «Кылмыш жолу менен табылган акчаны мыйзамдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик жана экстремисттик иш- аракеттерди каржылоого каршы» КР Мыйзамынын кабыл алынышынын 10-жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Каржылоо Чалгындоо Кызматынын (МКЧК) ишинин жыйынтыктары жана эң маанилүү жетишкендиктери белгиленди.  

Бул иш-чарада «Компаньон Банкы» ЖАК коллективине каржы кылмыштары менен күрөшкө активдүү катышкандыгы үчүн жана терроризмди каржылоого каршы жана кылмыш жолу менен табылган акчаны мыйзамдаштырууга каршы күрөшкө профессионалдуу салымын кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирилди. 

 Ошондой эле Компаньон Банкынын методология бөлүмүнүн башчысы Нурия Шаяхметовага туруктуулукту жана өлкөнүн каржылоо системасынын бүтүндүгүн камсыздоодо МКЧК менен бирге активдүү кызматташкандыгы үчүн ардактуу грамота берилди.  

Мындай чоң ыраазычылык Компаньон Банкы өзүнүн ишинде коюлган бардык талаптарга жана жол-жоболорго ылайык бийик стандарттарды сактагандыгын жана ички көзөмөлгө өзгөчө көңүл бургандыгын күбөлөндүрөт. 

Бардык жаңылыктар