Жаңылыктар

Кредиттер жана алардын пайыздары боюнча карызды кечүү

13 11 2020

Урматтуу кардарлар,

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр С.Н. Жапаровдун кредит алгандарды үстөк пайыздарды төлөөдө колдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүп берүү туурасында жасаган билдирүүсү тууралуу «Компаньон Банкы» ЖАК төмөнкү суроолор боюнча маалымат берет:

-Компаньон Банкы кредиттер боюнча пайыздарды кечүү мүмкүнчүлүгүн береби?

 Ушул тапта Компаньон Банкы КРнын Өкмөтүнөн же КРнын Улуттук банкынан үстөк пайыздарды төлөөдө жардам катары бюджеттен каражат бөлүү тууралуу маалымат алган жок.

 Аталган демилгени ишке ашыруу жана каржылоо механизмдерин иштеп чыгуунун үстүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар иштеп жаткандыктан, Компаньон Банкы алардан тиешелүү маалыматты күтүүдө. Биз бул демилгенин өнүгүүсүнө кылдаттык менен көз салуудабыз жана маалымат түшкөн кезде, өз кардарларыбызды кабардар кылабыз.

Ошол эле маалда Компаньон Банкы калкка колдоо көрсөтүү зарыл экенин түшүнөт жана чектөөлөрдөн улам, каржылык жоготууларга туш болгон бардык кардарларга берилген кредиттер боюнча төлөө шарттарын кайра карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө. Банк кредиттерди реструктуризациялоо боюнча ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет:

-кредиттин мөөнөтүн узартуу;

-кредиттерди жабууда кыйынчылыктар болгон маалда төлөөнүн мөөнөтүн жылдыруу;

- Эмнеге Компаньон Банкы кредиттер боюнча эсептелген пайыздарды өз каражаттарынын эсебинен жокко чыгарып же кечип кое албайт?

 Мөөнөтүнөн узартуу убагында Банк кредиттер боюнча эсептелген пайыздарды жокко чыгарып же кечип кое албайт. Анткени, эсептелген пайыздар Банктын аманатчыларына пайыздар боюнча төлөөнүн, Банктын операциялык чыгымдарын жабуу жана киреше алуунун негизги булагы болуп эсептелет. Эгерде Банк кредиттер боюнча эсептелген пайыздарды жокко чыгарып койсо, Банк аманатачылардын алдындагы милдеттенмелерин аткара албай жана административдик чыгымдарды жаба албай калат. Буга кошумча катары, Банк кардарларга мыкты сервисти жана  финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу кызматерлердин айлык акысы, имараттардын ижарасы, салыктарды төлөө жана башка ушул сыяктуу кредиттик жана депозиттик келишимдерди тейлөө боюнча чыгымдарды тартат.

Кошумча маалымат үчүн 0 (312) 33-88-00, 88 00 кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз).

Бардык жаңылыктар