Жаңылыктар

Кредит алгандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү тууралуу

14 1 2021

Урматтуу кардарлар,

«Компаньон Банкы» ЖАК Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы “Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган зайымчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” №552 токтомундагы сунуштамаларды аткаруунун алкагында,

кредит алган кардарларга төмөнкүлөр тууралуу билдирет 

Финансы-кредиттик уюмдарга 2020-жылдын 1-октябрына чейин (башкача айтканда, 2020-жылдын 30-сентябрында же андан мурда) кредиттин/каржылоонун 100 000 (жүз миң) сомдон ашпаган алгачкы негизги суммасын алган кардарларды 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында чегерилген пайыздарды/кошмо бааларды төлөөдөн бошотуу сунушталат (жалпысынан 3 ай үчүн).

Зайымчылар кредиттин негизги суммасын жана башка мезгилде эсептелген пайыздарды төлөөдөн бошотулбайт.

Кредит алган кардардын 100 000 (жүз миң) сомго чейинки сумманын чегинде параллелдүү кредити/каржылоосу болгон учурда, бир гана финансы-кредиттик уюмдагы бир кредит/каржылоо боюнча пайыздар/кошмо баалар компенсацияланууга тийиш. Мындай учурда, кредит алган кардар 2020-жылдын 5-декабрына чейин Банкка финансы-кредиттик уюмду жана тийиштүү кредитти/каржылоону тандоо жөнүндө жазуу жүзүндөгү арызын бериш керек.

Кредит алган кардарды жогорудагы пайыздарды төлөөдөн бошотуу тууралуу чечим акыркы тизмелер жана субсидиялоонун мөөнөтү менен тартибине байланыштуу (субсидиялоо чыгымдарын 2021-жылдын республикалык бюджетине киргизүү, Банк менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ортосундагы Банкка субсидияны которуу тууралуу келишимди түзүү) маселелер чечилгенден кийин кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун алкагындагы субсидиялоо шарттарына жооп берген бардык кардарлар чегерилген пайыздарды төлөөдөн бошотуу үчүн реестрге автоматтык түрдө киргизилет. Финансы министрлигинен каражаттар келип түшкөнгө чейин Компаньон Банкы кредит алуучуларга график боюнча учурдагы төлөмдөрдү төлөөнүн эки жолун сунуштайт:

  • Кардар төлөмдү, анын ичинде пайыздарды толугу менен төлөп, андан кийин пайыздар үчүн төлөнгөн каражаттарынын ордун толтуруу суммасы анынэсебине которулат.
  • Кардар негизги сумманы гана төлөп, чегерилген пайыздардын орду Финансы министрлигинин субсидиясынын эсебинен толтурулат.

Эгерде кредит алуучунун пайыздарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун алкагында субсидиялоодон баш тартылса, пайыздарды түзүлгөн кредиттик келишимге ылайык кредит алуучу өзү төлөөгө тийиш.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 08:00дөн 21:00гө чейин, эс алуу жана майрам күндөрү 09:00дөн 17:00гө чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефондору аркылуу байланышсаңыздар болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар