Урматтуу кардарлар,
"Компаньон Банкы" ЖАК 2021-жылдын 18-мартында саат 01:00дөн 09:00гө чейин пландаштырылган техникалык иштер жөнүндө маалымдайт. Техникалык иштер жүрүшүндө төмөнкү кызматтар убактылуу жеткиликсиз болот:
- VISA карталары боюнча банкоматтарда жана POS-терминалдарында операциялар жана онлайн-сатып алуулар
- Банкоматтар
- VISA карталары боюнча интернет/мобилдик банкингтеги жана электрондук капчыктагы операциялар
Төлөмдөрүңүздү алдын ала пландаштырууну суранабыз.
Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын уюлдук операторлорунан чалуу акысыз).