Жаңылыктар

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев: "Кыргыз Республикасынын каржы секторуна түз голландиялык инвестицияларды тартуу өлкөнүн экономикасы үчүн абдан маанилүү".

23 3 2015

Бүгүн, 23-март күнү, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев  «Компаньон Финансылык Группасы» ЖАК нун өкүлдөрү жана инвесторлору менен жолукту. Бул региондогу экономикалык абалды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын каржы секторуна түз голландиялык инвестицияларды тартуу абдан маанилүү деп Премьер-министр жолугушуунун ачылышында белгилей кетти. «Бул Кыргызстандын экономикасына инвестиция кылуу боюнча жакшы үлгү болот», — деп Жоомарт Оторбаев айрыкча белгилей кетти.

Жалпысынан алганда, финансылык жана микрофинансылык сектордун кредит портфели ИДП тун 20% ин түзот. Кредит портфелинин 33% микрофинансылык институттарга тиешелүү, жана алар өлкөнүн эконмикасында чоң роль ойнойт. 2010-жылдан 2014-жылдын январына чейинки мезгилде микрофинансылык уюмдардын микро насыяларынын көлөмү дээрлик 2,3 эсе көбөйгөн – 9 дан 21 млрд. cомго чейин.

Кыргызстанда азыркы убакта микрофинансылык сектордо дээрлик 500 миң зайымчылар бар. Ар бир экинчи үй-бүлө зайымчылар. Микрофинансылык сектор айыл жергесинин, региондорунун жана кичине шаарларынын социалдык, экономикалык өнүгүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө, миңдеген үй-бүлөлөрдүн жыргалчылыгын жакшыртууга жардам берет», — деп ал айтты.

Аны менен бирге, Премьер-министр «Компаньон Финансылык Группасы» микрофинансылык компаниясы өзүнүн Кыргызстандын калкына сунуштаган ресурстарын, продуктыларынын санын көбөйтүшүнө өлкөнүн кызыкдар экендигин белгилей кетти.

«Биздин өлкөдө кичине жана орто бизнестер өнүккөн, жана аларды микрофинансылык уюмдар активдүү колдошот. Эгер биздин микрофинансылык уюмдар көбүрөөк инвестицияларды алышса, анда биздин өлкөнүн экономикасы өнүгөт», — деп Жоомарт Оторбаев айтты. Ошондой эле, кичи жана орто бизнестердин ишкерлери үчүн дүйнөлүк рынокту жеткиликтүү кылуу, айыл-чарба бизнесин сапаттуурак деңгээлге көтөрүү Өкмөттүн максаты болуп эсептелет деп ал кошумчалап кетти.

Боорукердик Корпусунун каржы кызматынын вице-президенти, Компаньон Башкармалыгынын төрагасы Стивен Митчелл өз кезегинде Кыргызстан менен биргелешип иштөөгө кызыкдар экендигин белгиледи. «Биз Кыргызстандын экономикалык системасын өнүктүрөөгө салым кошууга, калк үчүн жаңы рынокторду ачууга же жетүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө аракет кылабыз. Бул багытта көп иш аткарыш керек, анын ичинен микрофинансылык секторду колдоо аркылуу иштеш керек», — деп Стивен Митчелл айта кетти.

Белгилей кетсек, «Компаньон Финансылык Группасы» МФК ЖАК нун акционерлеринин курамына голландиялык инвесторлор киришкен. Уюмдун уставдык капиталы 650,4 млн.сомдон 1млрд. 616 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Жаңы акционерлер эл аралык каржы-насыя уюмдары, социалдык жана инновациялык багыттарга ээ болгон Голландия жана Люксембургдун фонддору тарабынан көрсөтүлөт. Негизги акционер жана акциялардын 65 % ээси болуп «Компаньондун» негиздөөчүсү, экономикалык өнүктүрүү жана жардам көрсөтүү боюнча эл аралык бейөкмөт уюму Боорукердик Корпусу (Mercy Corps) кала берет. Акционерлердин үлүшү 35% түзөт.

«Компаньон» компаниясынын акцияларынын 17,5% ээси Голландиялык өнүктүрүү банкы (FMO) болот. Бул банктын негизги ишмердүүлүгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жеке сектордогу ишканаларга насыя, кепилдик жана капитал болуп эсепителет. Голландиялык өнүктүрүү банкына эл аралык узак мөөнөттүү ААА кредит рейтинги  берилген.

 

Банктын капиталынын түзүлүшүндө Нидерландиянын Каржы Министрлигинин атынан мамлекеттин үлүшү 51% түзөт. Голландиялык өнүктүрүү банкынын МФК ЖАК жаткырылган жалпы инвестициясы 244 млн. 136 миң 500 сомду түзөт.

 

Triodos инвестициалык фондунун үлүшүнүн жыйындысы акциялардын 17,5% түзөт:
- TriodosFairShareFund (Голландия) социалдык - этикалык инвестициялык фонду деген расмий статусун алган биринчи инвестициялык фонд болуп эсептелет. Фонддун инвестицияларынын жалпы көлөмү 122 млн. 68 миң 250 сомду түзөт.
- TriodosSicavII — TriodosMicrofinanceFund (Люксембург) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү кирешеси аз кишилер үчүн финансылык кызматтарга инвестицияларды жаткыруу боюнча иштейт. 200 млн. евро активдери бар, бул инвестициялык фонддун инвестицияларынын көлөмү да 122 млн. 68 миң 250 сомду түзөт.

 

Бардык жаңылыктар